super.kg logo

Депутат Алмамбет Шыкмаматовдун сотунда күбөлөр суралууда

 

Бүгүн, 20-октябрда Жогорку Кеңештин "Ата Мекен" фракциясынан депутат Алмамбет Шыкмаматовдун иши боюнча соттук отурум өткөрүлдү.

Отурумдун жүрүшүндө күбө катары чакырылган Максат Темирбай уулу: "Мен ошол убакта унаа алып сатчумун. Ал жылы 50дөй унаа саткам. Ошол күнү базарда ак көйнөк, костюм шым кийген кишилер мага келишти. Алар унааны текшерип алмай болушту. Ошол учурда базарда Шыкмаматов жок эле. Мен аны телевизордон эле көргөм. Андан бери бир топ жыл өттү окуянын көбү эсимен чыгып калды", - деп билдирди күбө.

Мындан сырткары күбө катары чакырылгандар Алмамбет Шыкмаматовду көрбөгөндүгүн жана тааныбастыгын айтты. Ал эми Эсептөө палатасынын мурдагы кызматкери "ошол учурда документ иштеринде шектенүү болсо баарын көтөрүп чыкмакпыз" деп жооп берди.

Эсептөө палатасынын мурдагы эсепчиси Төлөйкан Орозбаева: "Мага эч ким көрсөтмө берип, акча которуш керек эле деп суранган эмес", - деп көрсөтмө берди.

Маалым болгондой, УКМК Шыкмаматов жеке кызыкчылыгын көздөп, аялынын Мерседес Бенц Е320 үлгүсүндөгү унаасын кымбат баага сатуу үчүн "Барат Люкс" ишканасын тендерге катышкандардын катарына кошууну демилгелеген деп жатат. Шыкмаматов муну "саясий кысым" деп келет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: