super.kg logo

Сот Канат Исаевдин үстүнөн козголгон кылмыш иштерин бириктирип кароо өтүнүчүн канааттандырган жок

 

Бүгүн, 23-октябрда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда УКМКнын убактылуу кармоочу жайында отурган Жогорку Кеңештин депутаты Канат Исаевдин иши каралды.

Отурумдун жүрүшүндө Канат Исаевдин жактоочусу ага козголгон кылмыш иштерин бириктирип кайра башынан кароону соттон өтүнгөн. Сот кеңешме бөлмөсүнө кирип кетип, отурумда саат 11:30га чейин тыныгуу жарыяланган. Кеңешме бөлмөсүнөн чыккан сот аталган өтүнүчтү канааттандырган жок. Отурум 26-октябрда саат 09:00дө улантылмай болду.

Эскерте кетсек, Башкы прокуратура "Канат Исаев 2008-2010-жылдар аралыгында Токмок шаарынын мэри кызматын аркалап турганда пара алууга жол берген жана кызмат абалынан пайдаланган" деп айыптап, кылмыш ишин козгогон. Канат Исаев Баш мыйзамды өзгөртүүгө каршы чыккандан кийин 2016-жылдын 10-ноябрында ага карата кылмыш ишин тергөө кайра жанданган. Кийин Башкы прокуратура ишти Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине өткөрүп берген.

Учурда Канат Исаев УКМКнын тергөө абагында камакта. Бирок жогорудагы кылмыш ишинин негизинде эмес. Тактап айтканда, быйылкы президенттик шайлоонун алдында Башкы прокуратура Жогорку Кеңештин депутаты Канат Исаевге карата "кылмышка даярдануу", "массалык баш аламандык" жана "бийликти күчкө салып тартып алуу же бийликти күч менен кармап туруу" беренелери боюнча кылмыш ишин козгогон. 2-октябрда сот Канат Исаевди 30-ноябрга чейин тергөө абагына камакка алуу чечимин чыгарган. Чынара Жакупбекова депутаттын үстүнөн козголгон мына ушул экинчи кылмыш ишин да кошуп кароону өтүнүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: