super.kg logo

ӨКМ: "Курулуштун кулап түшүшүнөн жабыркагандардын саны 11ге жетти"

 

Бүгүн, 23-октябрь күнү Бишкек шаарынын Октябрь районунун А.Токомбаев көчөсүндө "Авангард-Стиль" курулуш компаниясы куруп жаткан имаратта кырсык катталып, андан жабыркагандардын саны 11ге жетти. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын ӨКМнын маалымат кызматы билдирди. Эскерте кетсек, буга чейин жабыркаган адамдардын саны 6га жеткен болчу.

"Курулуш компаниясы жүргүзүп жаткан имараттын 2-кабатынын монолити кулап түшүп 11 адам жабыркаган. Ооруканага 2 адам оор абалда жеткирилип, 9 адамдын абалы туруктуу. Алар медициналык кароодон өтүштү", - деп жазылат аталган министрликтин маалыматында.

Эскерте кетсек, аталган кырсык саат 14:10 чамасында орун алган. Курулуш көзөмөл башкармалыгынын адиси Шараф Ачылдиев билдиргендей, компаниянын техникалык коопсуздукту сактай турган көзөмөл жүргүзүүчү адистери окуяга жоопкерчилик аларын билдирген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
23.10.2017. 20:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Сапатсыз курулуштун кесепеттери.
23.10.2017. 20:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Азыркы курулуп аткан имараттар баары эле ушундай болсо керек, озунун салмагын которо албай кулап атса кийин эмне болмок. Мурдаа кочодон угуп калчу элек, курулушта иштеген жумушчулар цементи уурдап сатышып ордуна кум аралаштырып коюшат экен деп.
24.10.2017. 05:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Аа кокуй, Авангард-Стиль ушундай болсо, анда, башка курулуш компанияларын айтпай эле койолу. Андан көрө мурунку СССР курган үйлөрдө жашасаң буга караганда коопсузураак.
24.10.2017. 23:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эптемейле заманкенда опалубкалары илгерки эчак чарчап буткон
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: