Москвада Кыргыз жараны таштанды кагазды кайра иштеп чыгуучу пресске кысылып каза болду. Пресс анын башын жана колун үзүп кеткен
Орусиянын Москва шаарында 28 жаштагы Куштарбек Галбаев аттуу Кыргыз жараны "Экопресс" ишканасында таштанды кагазды кайра иштеп чыгуучу пресске кысылып калып каза болду. Кырсык 23-октябрь күнү саат 15:30 чамаларында болгон.
Жергиликтүү басылмалардын маалыматына таянсак, анда иштеп жаткан башка жумушчулар кырсык кандай болгонун көрбөй калышкан. Пресс бир топ эле кубаттуу. Ал бир учурда эле 500 килограмм чийки затты иштетип чыга алат. Кырсык учурунда ачуу кыйкырыкты угуп калып барышкан учурда Галбаевдин пресске кысылып калганын көрүшүп, аппаратты токтотуп, чыгарууга аракет кылышкан. Бирок аракеттен майнап чыккан эмес. Анын жансыз денесин саат 20:00дө чыгарышканда башы жана колу үзүлүп кеткенин көрүшкөн. Болжолдуу маалыматтарга караганда, Галбаев кагазды түргөн зымга илинип калып, пресске кептелип калган болушу мүмкүн.
Куштарбек Галбаев аталган жайда 2017-жылдын жай айларынан бери иштеп келгени айтылды. "Эмгек инспекциясы ишкананын документтери менен таанышууда. Окуя тарткылык, кырсык катары бааланышы мүмкүн", - деп жазат орусиялык маалымат каражаттар.



Бийликке тузук бири келсе, ошол кыйналып кор болгон мигранттарыбыздын саны азаят эле го?!! Ач коз бийлик тойбодун да тойбодун!!!
Аллахым ата эне, бир туугандарына сабыр берсин. Су
Кудайым ар бир пенденди озун сакта бээажал олумдон сактай кор кудайым, Жакындарына сабыр берекор кудайым(((
Айылда кетмен чапканын менен, мээнетин кайтпаса бекер да... Сурачы дыйкандардан, мээнети кайтып жатыптырбы?!! ЕАЭБке кошулганыбызга 2 жыл толду, дыйкандардын эгини, жашылча-жемиши тышка чыкпайт жарытып... Пахтанын баасы канча, фасолдун баасы канча, сурап корчу?!! Мал базарга барып мал-койдун баасын сурап корчу?!! Ит бекер!!! Ким жакшы "ырдаганга" берип жатышат...
Жаштар биртке жарыбаган пайда учун кетмен чаап журо берсе, алар качан уйлонуп, кайсы акчасына там салат, айтчы?!!! Убакыт кутуп турат бекен?!! Билесин, замандын оордугунан коп жаштар озу калынга, тойго акча топтоп калышкан. Калын орточо 100 мин сом. Тойго кеминде 200 мин сом кетет... Эгин эгип, мал карап жарытып киреше таппаса, карып кетпейби уйлоно албай журуп?!! Кыргызстандагы маяна менен канча жылда там салса болоорун бир эсептеп кор...
Берет дешкен Москва.
Ата-Энесин көмгөнү,
Барбай калган Москва.
Абийир кетип адамдан,
Калбай калган Москва.
Соо адамдар жалаңкыч,
Алдай калган Москва.
Юрист жүрөт дворник,
Болуп кеткен Москва.
Тирүү келип канчасы,
Өлүп кеткен Москва.
Ажырашкыс досторду,
Бөлүп кеткен Москва.
Көргүлүктү кыргызың,
Көрүп бүткөн Москва.
Мына ушундай Москва,
Мына ушундай Москва,
Куса толгон көздөрдө,
Көөдөн жакыр Москва.
Кө
Ананда чет жердегилер азыраак кафелейли клубтарды азайтыш керек. Кудай сактасын таза туура жолдо журойлу.
оз жеринде кул болгонун жакшы.
алыскынынын буудайын жегенче.
жакынкы жердин саманын топтогон жакшы.