Декларация: Ички иштер министринин биринчи орун басары Бактыбек Жусубалиевдин 2012-жылы тапкан кирешеси 321399 сом

Тапшырган декларациясына таянсак, ички иштер министринин биринчи орун басары Бактыбек Жусубалиев 2012-жылы негизги иш ордунан 321399 сом киреше тапкан. Ошондой эле Жусубалиевдин 30 чарчы метр аянтты ээлеген 1 батири, 100 чарчы метр аянтты ээлеген 1 үйү жана 1996-жылы чыгарылган Мерседес 500 үлгүсүндөгү унаасы бар экендиги белгиленген. Ал эми аталган мамлекеттик кызматкердин жакындарына таандык 60 чарчы метр аянтты ээлеген 1 үй, 50 сотых аянтты ээлеген кыймылсыз мүлктүн башка түрлөрү, 2002-жылы чыгарылган Тойота унаасы бар экендиги аталган документте жазылган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:41
2025-07-09

Рейтинг:
0

