Кыргыз жериндеги ар бир жер-суу аталыштарынын келип чыгуу тарыхы бар. Айрымдарыбыз өзүбүз туулуп өскөн жердин аты кандай маани бере тургандыгын биле бербейбиз. Анткени жер-суу аталыштарынын келип чыгышы жүздөгөн жылдарды, ондогон кылымдарды кучагына алат. Ошол мезгил ичиндеги тарыхый окуялар, жер бетинин түзүлүшү, ошол аймакта жашаган элдин турмуш-тиричилиги жер-суу аттарынын келип чыгуусуна себеп болот.
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
Каракол шаарынын аталышы кандай маанини берет?
Каракол деген аталышта капчыгай, суу жана шаар бар. Окумуштуулардын баамында, Каракол деген сөз “чоң суу” деп чечмеленет. Кыргыздарда кара деген сөз чоң деген маанини билдирет. Ал эми “кол” деген сөз монголчо суу дегенди түшүндүрөт.
Кийинки суроо
Чоң суу
Айран суу
Кара суу
Булан-Сөгөттү айылы кайсы жаныбардын атын алып жүрөт?
Булан-Сөгөттү Ысык-Көл районундагы айылдын аты. Татаал топонимдин биринчи түгөйү “булан” - “багыш” (бугунун бир түрү). Ал эми “сөгөттү” - “тал” деген маанини берет. Ошондо "талдуу жерде жашаган багыш” деп чечмелесек болот.
Кийинки суроо
Төө
Жылкы
Багыш
“Жылаңач тоо” маанисин берген ашууну атаңыз...
Кубакы-Кочкор өрөөнүнүн түндүк-чыгыш тарабындагы тоонун аты. Ошондой эле ошол тоодогу ашуунун аты да Кубакы. Моңголдордун “Хувхаи” деген сөзү кыргызча “өсүмдүктөрү жок, жылаңач тоо” деген түшүнүктү берет.
Кийинки суроо
Торугарт
Кубакы
Долон
Соң-Көл аталышы кандай чечмеленет?
Соң-Көл деңиз деңгээлинен 3 миң метр бийиктикте жайгашкан. Сөң-Көлдө сууда сүзүүчү жана саз канаттууларынын 66 түрү жашагандыгы далилденген. Көпчүлүк Соң-Көлдү акыркы көл деп түшүнүшөт. “Соно” деген сөз өрдөк дегенди түшүндүргөндүктөн “өрдөктүү көл” деп чечмелешет.
Кийинки суроо
Өрдөктүү көл
Тоодогу көл
Акыркы көл
Аталышы "ак тал" маанисин берген Кемин районундагы айыл...
Боролдой монголчо “боролж” деген сөздөн улам келип чыккан. Кыргызча эл оозунда айтылып жүргөн ак тал же бөрү тал дегенге туура келет. Ал эми “дой” кыргыз тилиндеги көптүк мүчө. Демек, Боролдойду ак талдуу жер деп түшүнсөк болот.
Кийинки суроо
Борду
Самансур
Боролдой
Сары-Челек көлүнүн аталышы кайсы өсүмдүккө байланыштуу?
Аксы районундагы Сары-Челек көлү жайгашкан аймакта сары-кызгылт бүлдүркөн көп өсөт. Окумуштуулар көлдүн аталышы да ошондон улам келип чыккан дешет. “Чилек” деген сөз огузча “бүлдүркөн” деген маанини берет.
Кийинки суроо
Бүлдүркөн
Карагат
Алча
Сууда жашаган жаныбардын атын алып жүргөн өрөөн...
Суусамыр өрөөнү Кыргыз Ала-Тоосу менен Суусамыр, Жумгал тоолорунун аралыгында орун алган. Узундугу 150 чакырым, туурасы кеңири жеринде 45 чакырымды түзөт. “Самыр” же “самур” деген суусар дегенди билдирет. Демек, Суусамыр “сууда жашаган суусар” маанисинде. Азыр деле огуз-түркмөн тилдеринде суусарды “сусамуру”, “сусамыры” дешет.
Кийинки суроо
Алай
Суусамыр
Кетмен-Төбө
Аталышы борбор деген маанини берген районду атаңыз...
Түп Ысык-Көл облусунун түндүк-чыгышында жайгашкан район. “Түп” сөзү түргөш жана усун тилдеринде борбор дегенди билдирет. Тарыхта усундардын борбор шаары “Чигу” Түптүн жанында орун алганы белгилүү.
Кийинки суроо
Кемин
Тоң
Түп
Өлкөдөгү айрым айылдар эмнеден улам "Төрткүл" деп аталып калган?
Ысык-Көлдө, Баткенде Төрткүл деген айылдар бар. Анын чечмеленишин “төрт гүл” эмес “төрт куле” деп чечмелеп жүрүшөт. Тактап айтсак, “куле” сөзү “мунара” дегенди билдирет. Демек, шаардын же айылдын төрт бурчунда орун алган мунаралар. Орто кылымдагы шаарлардын бурчтарында мунаралар болгон. Азыркы Тоң районундагы Төрткүл айылында орто кылымдагы Тоң шаары орун алган.
Кийинки суроо
Төрт түрдүү гүл өскөн жер
Төрт мунара бар болгон
Төрт күлүк чыккан
Нарын районундагы Улакол деген айылдын аты кандай чечмеленет?
Улакол айылы Нарын районунун Кара-Кужур өрөөнүндө жайгашкан. Изилдөөчүлөрдүн көбү Улакол топоними “тоо суусу” деп чечмелеп жүрүшөт. Монгол тилинен алып карап көрсөк, “ула” деген аталыш “тоо” дегенди билдирет. Ал эми “гол” деген сөз “суу” дегенди туюнтат.
Кийинки суроо
Тоо суусу
Чоң суу
Кир суу
Ысык-Көл облусундагы жети бийиктик азыр кандай аталат?
Окумуштуулардын баамында, Жети-Өгүз топонимин бийик маанисиндеги “эгиз” сөзүнөн келип чыккан деп кароо чындыкка туура келет. Андан сырткары өгүздү “суу” деп да чечмелеп жүрүшөт. Ошондой эле эл арасында торпок, өгүздөргө байланыштуу уламыштар да бар.
Кийинки суроо
Тору-Айгыр
Каркыра
Жети-Өгүз
Аталышы “көк суу” маанисин берген дарыяны атаңыз...
Көкөмеренди монгол тилинен которгондо “көк суу” дегенди билдирет. Монголдор “мөрөн” деп чоң сууну же суулуу өзөндү айтышат. Көкөмерен да мына ошол монгол аталышына дал келет.
Кийинки суроо
Көкөмерен
Нарын
Көкарт
Ысык-Көлдүн чыгыш тарабындагы Сан-Ташка байланыштуу уламышта кимдин аты аталат?
XV кылымдын аяк ченинде Азиянын чыгыш өлкөлөрүнө жасаган бир жүрүшүндө Тамерлан Ысык-Көлдүн чыгыш тарабына өтөт да, согушка кирер алдында аскерлеринин канча экендигин билүү үчүн ар бирин бирден таш таштап кетүүгө буюрат. Натыйжада бир чоң таш дөбө пайда болот. Кийин согуштан кайра келе жатканда баягы таш дөбөдөн ар бир жоокер бирден таш алып, бери жакка ташташат. Натыйжада жанындагы кичирээк келген үйүндү таштар пайда болот.
Кийинки суроо
Чыңгыз хан
Тамерлан
Жусуп Баласагын
“Карагайлуу жер” маанисин берген Тоң районундагы айыл...
Кажы-Сай Тоң районундагы жердин, суунун жана айылдын аты. Кадж-иран тилдеринде карагай деп которулат. Аталган топоним анын маанисине толук ылайык келет. Анткени Кажы-Сай карагайлуу жер.
Кийинки суроо
Кажы-Сай
Кара-Коо
Ак-Өлөң
Жумгал суусу кандай себептер менен "Жумгал" болуп калган?
Жумгал аталышы монголдордун дзун-сол же чыгыш жана гол-суу, өзөн деген сөздөрүнөн келип чыккан. Жумгал суусу чынында эле Көкөмерендин сол куймасы. Монголчо бул эки сөз кошулуп айтылганда кыргыз тилинин фонетикалык өзгөчөлүктөрүнө ылайык Жумгал болуп өзгөрүп кеткен.
Кийинки суроо
Жумшак жер
Суунун сол куймасы
Кууш өрөөн
"Гүлсарат", "Ак кеме"... Айтматовдун чыгармаларын унута элексизби?
Сиздин упайыңыз
70
Туура жооп: 9
Ката жооп: 5
Жалпы: 14 суроо
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
alisherchik, саламатсызбы! Бул жерде кээде карылардын сөзүн да угуп коюңуз деп туура эле жазылган. Ал эми каары деген сөз - бул жемелөө, жекирүү маанисинде колдонулат. Мисалы: Каарып-кууруп ар кимди, Айылга жек көрүнөт (Жантөшев).
ошо да мен дагы танкалдым
Балким кары эмес каары?
Каары дебей улуу муун же улуулардын созун десе балким жакшыраак болот