Ысык-Көл облусунда айдоочу жолдон өтүп бараткан үч адамды сүзүп алды. Эже-сиңди жан берди
Ысык-Көл облусунда катталган жол кырсыгы 3 адамдын өмүрүн алды. Бул тууралуу бүгүн, 25-октябрда Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, жол кырсыгы 24-октябрь күнү саат 20:30 чамасында Балыкчы-Каракол жолунун 55-чакырымында (Чок-Тал айылы) болгон.
"Бишкек шаарынын 1985-жылы туулган тургуну күн батышты көздөй баратып, жолдо өтүп бараткан 3 адамды Тойота Прадо үлгүсүндөгү унаасы менен сүзүп алган. Анын кесепетинен 1981, 1980-жылы туулган эже-сиңди жана алардын жанындагы 2015-жылы туулган кыз окуя болгон жерден жан беришкен. Азыркы тапта тиешелүү экспертизалар дайындалып, айдоочу убактылуу кармоочу жайга киргизилди", - деп билдиришти Ысык-Көл ОИИБинен.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:51
2025-07-19

13:47
2025-07-18

10:29
2025-07-18
Рейтинг:
-2

Жол кыймылын реформалоо кыйынбы?!! Бийликтин ошого да "башы" жетпейби?!! Жол кырсыгынан боо боо кырылып жаткан жарандарыбыз бийликти эч ойлондурбайбы?!! Дегеле оз элин ойлобогон бийлик бизге керекпи?!!
Бугунку шартта жол кырсыктары азайбайт, айдоочулар жол эрежесин билишпесе, сактабаса, "крышасы" менен ГАИшниктерди опузалап отурса... Качан ойгонобуз, кырылып биртке калганыбыздабы?!