super.kg logo

ЖАМК Текебаев менен Чотонов эмне үчүн эки башка абакка киргизилгенин түшүндүрдү

 

Депутат Өмүрбек Текебаев менен экс-элчи Дүйшөнкул Чотонов эмне себептен 2 башка абакка жайгаштырылганы тууралуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы түшүндүрмө берди. SUPER.KG порталына аталган мекеменин маалымат катчысы Элеонора Сабатарова билдиргендей, мындай чечимди Бишкек шаардык соту чыгарган.

"Талап боюнча бир иштин негизинде соттолгон адамдар эки башка абакка жайгаштырылышы керек. Себеп дегенде аларды бир жерде кармаганда өз ара сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, сот учурундагы көрсөтмөлөрүн өзгөртүүгө же башка бир ойлорду, пландарды ишке ашырууга мүмкүнчүлүк түзүлүп калышы ыктымал. Ошон үчүн сот эки башка колонияга жайгаштыруу чечимин чыгарат. Мурда белгилүү болгондой, Өмүрбек Текебаевдин №47-түзөтүү колониясына жайгаштырууда анын жактоочуларынын суранычы эске алынды. Ал эми Дүйшөнкул Чотонов Молдовановкадагы №27-күч түзүмдөрүнүн сот жообуна тартылган кызматкерлери жазасын өтөй турган түзөтүү колониясына жайгаштырылган", - деп билдирди Э.Сабатарова.

Эскерте кетсек, ушул жылдын 16-августунда Биринчи Май райондук соту Текебаев менен Чотоновду 8 жылга эркинен ажыратып, мүлкүн мамлекетке чегерүү жана бошотулгандан кийин үч жыл мамлекеттик кызматта иштебөө тууралуу өкүмүн чыгарган. Бирок Башкы прокуратура райондук соттун өкүмүнө макул болбой, соттолуучулардын абакта өтөөчү жаза мөөнөтүн узартып берүүсүн сурап, Бишкек шаардык сотко апелляциялык арыз менен кайрылган. 2-октябрда Бишкек шаардык соту райондук соттун өкүмүн күчүндө калтырган. Мындан кийин соттолуучулар 10-октябрда УКМКнын тергөө абагынан №1-СИЗОго которулушкан.

Ал эми Текебаевдин жактоочусу Чынара Жакупбекова 8 жылга эркинен ажыратылган депутат Өмүрбек Текебаев боюнча төмөнкү инстанциядагы соттордун өкүмүнө макул эместик билдирип Жогорку Сотко доо арыз менен кайрылганын кечээ, 24-октябрда SUPER.KG'ге кабарлаган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -3 
Комментарийлер(1)
25.10.2017. 15:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Эми чыгарып эле салгылада шайлоонор бутуп мокуманар канды озунордун адамынарды шайлап алдынар!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: