super.kg logo

"Электрониктин укмуштуу окуялары" тасмасынын башкы каармандары банкка көп суммадагы акча карыз

 

"Электрониктин укмуштуу окуялары" тасмасынын башкы каармандары Юрий жана Владимир Торсуевдер банкка көп суммадагы акча карыз. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазууда.

Маалыматта айтылгандай, эгиздер бизнесин өнүктүрүү максатында банктан насыя алышкан, акчаны кайтаруу убактысы келгенде төлөй албай калган. Азыркы учурда аларга күн сайын банктан карызын төлөө талабы менен билдирүүлөр келип жатат.

Эгиздердин досу Дмитрийдин айтымына караганда, Торсуевдер азыркы учурда музыкалык альбом жаздыруу жана клип тарттыруу менен алек.

"Эгиздерге өзүнүн максаттарын ишке ашыруу үчүн кымбат баалуу жабдыктар керек болчу, ошол себептен алар 400 миң рубль насыя алышкан", - деген Дмитрий.

Мындан сырткары Дмитрий азыркы учурда эгиздер карыздарын жабуу үчүн аракеттерди көрүп жатышкандыгын билдирген.

"Алар азыркы тапта чакыруу түшкөн бардык ток-шоуларга катышып жатышат. Бирок көпчүлүк долбоордун ээлери алар катышып бергенден кийин тиешелүү акчасын бербей коёт", - деп кошумчалаган ал.

Азыркы тапта эгиздер эч ким менен сүйүү мамилесинде эмес. Алар алдыда өздөрүнүн чыныгы сүйүүсүнө жолугарына ишенет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: