super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 30-ОКТЯБРЬ: АКШ президентинин кызы жана жардамчысы, жолдошу үчүн иудаизм динин кабыл алган Иванка Трамп 36 жашка толду

 

АКШнын учурдагы президенти Дональд Трамптын кызы, бир кездеги фотомодель, жазуучу жана бизнесвумен Иванка Трамп 1981-жылы 30-октябрда АКШнын Нью-Йорк шаарында туулган. Анын апасы чехиялык Ивана Трамп убагында белгилүү модель болгон. Кызы да эне жолун жолдоп, өзүнүн карьерасын дал ушул жааттан баштаган.

Бирок бул кесиби менен 3 жылдан ашуун гана убакыт алектенип, кийин бизнес тармагына ооп кеткен. Алгач бриллиант жасалгаларын чыгарып келсе, кийинчерээк бут кийимдерди да коомчулукка тартуулап, аларды өзү жарнамалаган. Андан сырткары китеп жазуу менен да алектенет. Анын китебинде ийгиликке кантип жеткени тууралуу баяндалган.

Ал эми атасы Дональд Трамп президент болгондон тарта анын жеке жардамчысы болуп дайындалган. Бирок бул кызматы үчүн ага акы төлөнбөйт.

Үй-бүлөсү

Иванка Трамп 2009-жылы Жаред Кушнер аттуу миллионерге турмушка чыккан жана жолдошу иудаизм динин тутунгандыктан, ал үчүн аталган динге өткөн. Учурда экөө 3 баланын ата-энеси. Түгөйлөрдүн материалдык байлыгы болжол менен 240-740 миллион долларды түзөрү айтылып келет.

Иванка Трамп тууралуу фактылар:

  • Иванка Трамптын сулуулугуна суктангандардын сап башында атасы турат. Ал эфир учурунда "эгер Иванка менин кызым болбосо, анда сүйлөшкөн кызым болмок", - деген сөзү менен көптөрдү таң калтырган;
  • Коллекциясында өзүнүн фирмасынын бут кийимдеринен башка бир да бренддин бут кийимдери жок экенин айтып келет;
  • Жолдошунун айтымында, Иванканын мүнөзү өтө оор. Ал көп ойлонуп, ар дайым шашып жүргөндүктөн эс алуу деген кандай болорун билбейт;
  • Кичинекей кезинде "Бай болуп төрөлгөн" деген документалдуу тасмага тартылып, бардар үй-бүлөдө жашоо кандай экенин жана атасынын балдарына жасаган мамилеси тууралуу айтып берген.

30-октябрдын жылнаамасы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
30.10.2017. 09:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Оохоо бул кыз жашоосунда эч бир кыйынчылык корбоптур да.Жашоо жалан малина болуп,бардар жашоодо жашасан баарыле сулуу болуп,картайбайт дагы:)
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: