super.kg logo

"Жди меня" берүүсүнүн жаңы алып баруучусу көрүүчүлөрдүн сынына кабылды

 

"Жди меня" көрсөтүүсүнүн жаңы алып баруучусу көрүүчүлөр тарабынан кескин сынга кабылды. Бул тууралуу социалдык тармактардагы колдонуучулардын пикиринен улам жергиликтүү маалымат каражаттары кабарлады.

Маалыматка ылайык, "Жди меня" берүүсүнүн НТВ каналындагы биринчи чыгарылышы кечээ, 27-октябрда эфирге чыккан. Анда миллиондогон көрүүчүлөрдүн алдына көрсөтүүнүн жаңы алып баруучулары Сергей Шакуров жана Юлия Высоцкая чыккан.

Студияда жакындарын издеп жаткан коноктордун түркүн окуялары айтылды. Мурункудан айырмаланып берүүнүн жүрүшүндө жоголгон адамдарды издөө иштери да көрсөтүлгөн.

Көрсөтүүнүн аягында көптөгөн адамдар жакындарын таап, ал эми алып баруучулар тынбаган кол чабуулардын алдында келе жаткан жумада көрүшөрүн айтышып коштошушкан. Телекөрсөтүүнүн алгачкы берүүсү мыкты өттү деген менен, алып баруучу Юлия Высоцкаяны кескин сындагандардын саны көбөйгөн. Алардын бири бул алып баруучунун орду тамак-аш тууралуу тартылчу ток-шоу берүүсүндө десе, айрымдары Юлия такыр адамдарга кошулуп, аларга өзүнүн эмоцияларын билдире албастыгын баса белгилешкен.

Эскерте кетсек, Орусиянын Биринчи каналы "ВИД" телекомпаниясы менен "Жди меня" берүүсүн эфирге чыгаруу боюнча мөөнөтү бүткөн келишимди узартуудан баш тарткан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
28.10.2017. 11:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Ыраматылык Игорь Кваша менен Шукшинага эч ким жетпейт!
28.10.2017. 14:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
ekaterinburg,Игорь кваша каза болгон
28.10.2017. 19:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ekaterinburg,

Каза болгонун билбептирминго, чынында жакшы алып баргандарын билем.
28.10.2017. 14:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Алар тууралуу не болгон маалымвтты кыстарып койгулачы... Кваша Шукшина
31.10.2017. 10:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Cherik.777, саламатсызбы! Сунушуңузга рахмат, тиешелүү бөлүмгө жеткирилди.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: