Президент ИИМдин башчысынын орун басарына "милициянын генерал-майору" жогорку атайын наамын берди
Ички иштер министринин орун басары Данияр Абдыкаровго “милициянын генерал-майору” жогорку атайын наамы берилди. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, тиешелүү жарлыкка президент Алмазбек Атамбаев кол койду.
Буга чейин президент ИИМдин башчысы Улан Исраиловго “милициянын генерал-майору” наамын, УКМКнын төрагасы Абдил Сегизбаевге "генерал-майор" аскердик наамын ыйгарганы белгилүү болгон.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:59
2025-07-19
16:36
2025-07-17
19:12
2025-07-15
Рейтинг:
-2

