super.kg logo

Жайыл районунда "аялын өлтүрүп, үйүнүн короосуна көмүп салган" деп шектелип 36 жаштагы жаран кармалды

 

Чүй облусунун Жайыл районундагы үйлөрдүн биринен бир аялдын жансыз денеси табылып, көмүлгөн жерден казып алынды. Анын өлүмүнө шектүү катары күйөөсү кармалды.

ИИМдин маалымат кызматынан кабарлашкандай, 26-октябрь күнү болжол менен саат 14:15 чамасында Жайыл райондук милициянын аймактык тескөөчүсү Алтын айылындагы үйлөрдүн биринин короосуна белгисиз аялдын сөөгү көмүлгөнү тууралуу маалымат алган. Аймактык тескөөчү аталган маалымат боюнча көрсөтүлгөн үйдүн короосунун ичиндеги шектүү жерди казып, болжол менен 30-35 жаштагы белгисиз аял кишинин жансыз денесин тапкан.

Жайыл районунун ыкчам-тергөө тобунун иш-аракеттеринин натыйжасында бул кылмышка шектүү катары 36 жаштагы Ш.К. аттуу күйөөсү кармалып, күнөөсүн толугу менен моюнуна алган.

Шектүүнүн көрсөтмөсү боюнча, ал 2017-жылдын 19-октябрында кызганычтан улам аялы менен уруша кетип, Ш.К. катуу нерсе менен аялын башка чаап жиберген. Алган жаракатынан улам жарандык никедеги аялы окуя болгон жерден көз жумган. Ошол замат кылмышты жаап-жашыруу максатында жансыз денени үйдүн короосуна көмүп салгандыгын билдирген. Тергөө учурунда каза болгон аял Талас облусунда туулган А.Ч. аттуу тургун экендиги аныкталган. Бул окуя боюнча кылмыш иши козголуп, кармалган жаран Жайыл РИИБинин убактылуу кармоочу жайына камакка алынган. Учурда тергөө иштери жүрүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
30.10.2017. 12:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кандай гана заман болуп баратат. Озунун аялын олтургондор коп болууда. Жазасын кучоткуло, антпесе байкуш аялдар кордук коруп жатат.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: