super.kg logo

Ошто "кайненесинин башын кесип, денесин таштанды челекке ыргытып салган" деп шектелген эже-сиңдини тергөө абагында кармоо дагы 1 айга узартылды

 
Кылмышка шектүү 1992-жылы туулган Умсанай (маркумдун келини).
Шектүүлөрдүн бири 1980-жылы туулган, Умсунайдын бир тууган эжеси Гүлнара.

Ош шаарындагы таштанды челектен башы жок табылган аялдын өлүмүнө шектүү катары кармалган маркумдун келинин жана кудачасын тергөө абагында кармоо дагы 1 айга узартылды. Мындай маалыматты Ош ШИИБинин маалымат кызматынан SUPER.KG'ге бүгүн билдиришти. Белгилей кетсек, аталган кылмышка шектүү аялдарды Ош шаардык соту тергөө иштери аяктаганча 30-октябрга чейин камакта кармоо чечимин чыгарган.

"Тергөө иштери толук аягына чыга электигине байланыштуу сотко шектүүлөрдүн тергөө абагындагы мөөнөтүн узартып берүү өтүнүчү киргизилген. Шектүүлөрдү тергөө убактысы дагы 1 айга созулду. Себеби аталган оор кылмыш иши боюнча 4 экспертиза дайындалып, алардын жыйынтыктары чыга элек. Башта белгилүү болгондой, маркумдун башын шектүүлөр кесип, өзүнчө ыргытып жиберишкен. Учурда аны издөө иштери уланууда, бирок жыйынтык бере элек. Учурда шектүүлөр Жалал-Абад облусундагы аялдар камагында камакта", - деп билдирди Ош ШИИБинин маалымат кызматынын өкүлү Замир Сыдыков.

Эскерте кетсек, ушул жылдын 27-август күнү эртең менен Ош шаарынын Курманжан датка кичи районундагы таштанды таштоочу урнадан башы кесилген белгисиз аялдын жансыз денеси табылган.

Ош ШИИБинин берген маалыматына таянсак, маркумдун аты-жөнү такталып, анын А.Жумагүл аттуу аял экендиги аныкталган. Маркумдун өлүмүнө шектүү катары эже-сиңди кармалган. Алардын бири каза болгон аялдын келини болгон. Шектүүлөр ошол күнкү окуянын чоо-жайын айтып беришкен.

Кошумчалай кетсек, шаардык милициядан билдиришкендей, шектүүлөр "маркумдун башын ушул жерге таштаганбыз" деп көрсөтмө берген жерден анын башы табылган жок. Ал эми маркум 31-август күнү өзү төрөлгөн Кашка-Суу айылында башы жок жерге берилген.








 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
30.10.2017. 10:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
maks94.kb, порталдын ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-пикирлер portal@super.kg электрондук дарегине жазылып жөнөтүлүшү керек.
31.10.2017. 02:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Куйоосун кескилеген келин эмне болду камалдыбы? Супер билип берсениздер
31.10.2017. 09:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
erkeleim, саламатсызбы! Бул жактан окуңуз:
https://www.super.kg/kabar/news/162995/
31.10.2017. 10:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Krai, провокация жаратууга тыюу салынган. Эскертүү!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: