super.kg logo

ИИМ: "Милиция кызматкеринин өлүмүнө шектүү жаран террордук топтун мүчөсү болушу мүмкүн деген версия аныкталган жок"

 

Ушул жылдын 26-октябрына караган түнү Бишкек шаарында катталган милиция кызматкеринин өлүмүнө шектүү адам "Ислам мамлекети" террордук уюмунун мүчөсү эмес экенин ИИМдин маалымат кызматынан билдиришти. Белгилей кетсек, буга чейин аны террордук уюмдардын бирине мүчө болушу мүмкүн деген версиянын негизинде издөө иштери жүрүп жаткан. Басма сөз кызматынын өкүлү Эрнис Осмонбаев бул версиянын үстүнөн иликтөөлөр дагы деле уланып жатканын билдирди.

"Иликтөө иштери дагы да уланып жатат. Кылмышка шектүү ошол күнү эмне болуп маркум Уларбек Майрамбековдун көзөмөлүнө түшүп калганы изилденүүдө. Ошол түнү шектүү өзүн адаттан башкача алып жүргөн, башкача айтканда, милицияга шек жаратып бетине бет кап кийип, жарыктан далдоо жерлерге качып жашынып жүргөн. Ошондон улам Майрамбеков анын артынан түшүп, эмне кылып жүргөндүгүн билүү максатында аңдыган болушу мүмкүн", - деп кошумчалады ал.

Эске сала кетсек, 26-октябрга караган түнү саат 03:00 чамаларында Бишкекте 25 жаштагы Уларбек Майрамбеков аттуу милиция кызматкерин белгисиз адам бычак менен сайып кеткен.

Эки күндүк издөөнүн жыйынтыгынан кийин анын өлүмүнө шектелген жаран кармалганын 28-октябрда укук коргоо органдарынан билдиришкен. Кылмышка шектүү Талас облусунун 1992-жылы туулган, эч жерде иштебеген С.Б. аттуу тургуну экендиги аныкталган.

Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан билдиришкендей, шектүүнүн баш коргоо чарасы бүгүн каралмакчы. Ал эми иликтөө иштерин ИИМ жүргүзүүдө.

Маркум Уларбек Майрамбеков 1992-жылы Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда туулган. Ал 2014-жылы Орусиянын ИИМ академиясын аяктап, Бишкектеги Биринчи Май райондук ички иштер башкармалыгында аймактык тескөөчү болуп иштеген. Ал эми 2016-жылдан тарта Биринчи Май РИИБинде ыкчам кызматкер катары иштеп жүргөн.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
30.10.2017. 12:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Тим эле койбопсун.....
30.10.2017. 13:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
мен ишенген жокмун биздин милициялар куноосуз адамдарды кармап алышатта сабап, кыйнап жатып мойнуна алдырып коюшат.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: