Нарында өз алдынча көмүр казып жаткан жаранды уранды басып каза болду
Нарында өз алдынча көмүр казып жаткан жаранды шахтанын урандысы басып каза болду. Бул тууралуу ӨКМнын маалымат кызматынан 31-октябрда кабарлашты. Маалым болгондой, 30-октябрда Жумгал районундагы Миң-Куш айылынын Ак-Улак участкасындагы шахтада аталган айылдын 1956-жылы туулган М.Б. аттуу тургунун шахта урап, басып калган.
Издөө-куткаруу иштерин жүргүзүү үчүн ӨКМнын куткаруучулары жана жергиликтүү тургундардан 15 адам тартылган.
"30-октябрь күнү куткаруучулар менен жергиликтүү тургундар шахтанын ичине киришип, саат 19:50дө 15 метр тереңдиктен шахта урап басып калган адамдын жансыз денесин алып чыгышып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришти", - деп айтылат маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:51
2025-07-19

13:47
2025-07-18

10:29
2025-07-18
Рейтинг:
0

Комментарийлер(3)
joolugushchuukundorbar

31.10.2017. 09:14
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ай байкушум. Уй булосун кышка даярдап жаткан да, комур казып. Жыргаганынан улам барды дейсинерби, оз алдынча казганы. Жаткан жери Бейиш болсун...
islamik

31.10.2017. 09:58
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жайын жаннатта кылсын. Ошол учун атайын шахтёрлор гана казыш керек.
cfif03748

31.10.2017. 20:28
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
islamik,атайын шахтер деген ОЗУ барбы Кыргызстанда?атайын шахтер эмне кочкондо Кармап калабы?мен билгенден атайын шахтерлор Кыргызстандан башка бардык мамлекеттерде бар.бизде болсо акчаны бер да илибой жерден забой ачып каза бер.ал адамбы.итпи же питпи же шахтербу окмотту кызыктырбайт.
cfif03748 түзөттү 2017-10-31 20:29:56
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.