super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 1-НОЯБРЬ: Болливудга гана эмес, Голливудга да таанымал индиялык актриса Айшвария Рай 44 жашка толду

 

Айшвария Рай өз элинде эле эмес, Голливудга да кеңири таанымал индиялык актриса жана модель. Бир канча тасмаларды ийинине жеткире аткарган актрисанын таланты гана эмес, келбети, сулуулугу эч бир адамды кайдыгер калтырбай турганы талашсыз.

Актриса 1973-жылы 1-ноябрда Индиянын Мангалор шаарында төрөлгөн. Мектепти аяктаган соң ата-энесинин каалоосу менен Бомбейдеги колледждин архитектура бөлүмүнө тапшырган. Окуусу менен кошо чет тилдерин өздөштүрүүгө басым жасап, беш тилди үйрөнүүгө жетишкен. Кийин аны моделдик агенттиктин өкүлдөрү байкап, модель болуу сунушун киргизишет. Аз убакыттын ичинде эле "L'Oreal", "Coca-Cola" өң­дүү белгилүү компаниялардын жарнамаларына тартылып, жүзү элге тааныла баштаган.

Актрисалык карьерасынын түптөлүшүнө сулуулугунун түз тиешеси бар десек жаңылышпайбыз. Тактап айтканда, 1994-жылы “Индия сулуусу” сынагынын жеңүү­чүсү, көп өтпөй “Дүйнөлүк сулуу” наамына ээ болот. Мындан улам ага моделдик агенттиктерден гана эмес, белгилүү индиялык режиссёрлордон да киного тартылуу сунуштары байма-бай түшө баштаган.

1997-жылы алгачкы жолу “Дуэт” деген киного тартылган, бирок ал ийгиликсиз чыгып, сынчылардын арасында терс сын-пикирди, талаш-тартышты жараткан. Кийин “Түбөлүк сеники” деген тасмада сүйүүнүн азабын тарткан байкуш кыздын ролун жогорку деңгээлде аткарып, ал үчүн “Мыкты аялзатынын образы” деген наамга татыктуу болот.

Ал эми 2002-жылы тартылган “Девдас” аттуу тасма эң ийгиликтүү тартылган фильм деп табылып, сатылуу жагынан Индияда гана эмес, АКШда да рекорд коёт. Ошондой эле Шахрух Хан, Салман Хан өңдүү Индиянын белгилүү актёрлору менен бир нече киного чогуу тартылган.

2004-жылы Лондондогу белгилүү режиссёр Гуриндер Чадха тасмага тартылуу сунушун киргизген. Макулдук берген актриса биринчи жолу англис тилинде Улуу Британия жана АКШ биргелешип тарткан "Колукту жана көз караш" фильминде роль жараткан.

Жолдошу менен

Ал эми 2007-жылы Индиядагы белгилүү актёр жана продюсер Абхишек Баччанга турмушка чыккан. Учурда экөө 1 кызды тарбиялап келишет.

1-ноябрдын жылнаамасы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(4)
01.11.2017. 09:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Сырткы корунушуно соз жок!Мен 28-30жашта го деп ойлогом.
01.11.2017. 09:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Суйомго суйом алтышканы.
01.11.2017. 10:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
bond02,алтышкабы? Боорду эзбечи
01.11.2017. 10:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азыркы кездеги суротторуну чыгарбаптырда азыр слишком эле семирип кеткен
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: