super.kg logo

ТИМ: "Нью-Йорк шаарындагы окуядан жабыркап, каза болгондордун арасында Кыргыз жарандары жок"

 

АКШнын Нью-Йорк шаарындагы окуядан жабыркап, каза болгондордун арасында Кыргыз жарандары жок. Бул тууралуу бүгүн, 1-ноябрда Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

"Биздин АКШдагы элчилигибиздин тактап берген алдын ала маалыматы боюнча, кырсыктан жабыркап, каза болгондордун арасында Кыргыз жарандары жок. Учурда толук маалымат такталууда", - деп билдиришти министрликтен.

Айта кетсек, 31-октябрь күнү АКШнын Нью-Йорк шаарында айдоочу жүк ташуучу унаасын велосипед өткөн жол менен айдап, бир нече адамды тебелеп кеткен. Андан соң мектеп окуучулары бараткан автобусту сүзүп токтогон. Ал дароо унаадан чыгып элге ок атууга аракет жасап жатканда полиция ага ок атып, колго түшүрүшкөн. Кырсыктын кесепетинен 8 адам каза болуп, 11 адам жаракат алган. Нью-Йорк шаарынын мэри бул окуяны "террордук чабуул" деп атаган.

Бул кылмышка 29 жаштагы Сайфулло Саипов аттуу Өзбекстандын жараны шектелүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(6)
01.11.2017. 13:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Жакшы дагын Кыргызтандын паспорттун алып албаптыр Озбекстандыктар АДикарт алгандар коп Кыргызстан жаман аттуу болот эле.
01.11.2017. 14:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Биздин каттоо кызматы Озбекстандын Таджикистандан 3 000дей жарандарына кыргыз паспортторун жазап беришкен коррупциялык схема менен алар бизидин паспортту которуп террордук кылмыштарды жасап жатышат. Ортодо биз кыргыздар жаман аттуу болуп жатабыз.
01.11.2017. 16:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ХХХХ колунан бут жаман нерсе келет
Модератор admin_superstan түзөттү 2017-11-01 16:48:35
01.11.2017. 23:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Так ошо Кыргыздын жараны болуп чыкпадыбы акмак.Ош,озгондук ХХХХ болуп чыкпадыбы .Байкуш элибизге кесири тийип.Фейсбукта журбойбу жазылып.Эй буларды карасан баары эле жамынган,анан буларды ата-энеси,ага-тууган деген козомолдобойбу экен ыя.Тажатышты го ХХХХ.
Модератор admin_superstan түзөттү 2017-11-02 09:44:38
02.11.2017. 01:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ошондуктан ашынган динчилдерге кескин чараларды коруш керек. Булардын оюна койсон Сирия,Афганистан сыяктуу согуш тынбаган аймака бат эле айландырып жиберишет. Жанагы Сирияга "жихад"деп кетишкен селсаяктарды да кайра киргизбей коюшса ото эле жакшы болмок. Ошондон нары биротоло жок болушат эле. Андан кыргыз элинин кылы да кыйшайбайт болчу. Кайра элге,жерге тынч болмок.
02.11.2017. 13:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Elitta, Nazaroff1974, этика нормаларын сактаңыздар.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: