super.kg logo

ТЕСТ: Чоң чыны Жалал-Абадда кердим, Баткенде каса, Ысык-Көлдөчү? Диалект сөздөрдү 100 пайыз түшүнөсүзбү?

 

Кыргыз адабий тили — жалпы элдик тилдин негизинде калыптанып, белгилүү бир нормага салынган тил. Анын түзүлүшүнө негизинен түндүк диалекти чоң роль ойногон, бирок түштүк диалектидеги көп сөздөр адабий тилдин сөздүк курамын байытып турат. Аларга пахта, косек, пилла, мейиз, чигит, гозо, гозопая, мисте, жаңгак, шалы өңдүү сөздөрдү кошууга болот. Диалектилер адабий тилге өз таасирин тийгизгендиктен, бара-бара өзгөчөлүктөр жоюлушу мүмкүн.

Мисалы, жер төшөктү Ысык-Көлдө алты кат, ал эми Ошто жакандөз деп аташат. Аймактардын сүйлөө өзгөчөлүгүнө жараша бардык диалектини сиз түшүнө аласызбы? Тесттен өтүп көрүңүз.






1

2

3

4

5

6

7

8

9

10

11

12

13

14

15

Нарында көңкөнү эмне кылышат?

Көңкө же көмкө – бул тандыр. Атайын темир идиштерине камыр салып нан бышырылат.

Кийинки суроо


Тамакка кошушат
Нан бышырышат
Жер казышат

Чоң чыны Жалал-Абадда кердим, Баткенде каса, Ысык-Көлдөчү?

Чоң чыны Жалал-Абад облусунун Аксы районунда кердим, Тогуз-Торо районунда герден, Баткенде каса, Ысык-Көлдө бадавод дешет. Ал эми Оштун айрым аймактарында кесе, гардим дешет.

Кийинки суроо


Чоң чыны
Дого
Бадавод

Чилденин апкыты качан болот?

Чилде чыгар маалда орун алган ызгаар суукту Нарында “Чилденин апкыты” дешет.

Кийинки суроо


Чилде башталар алдындагы суук мезгил
Чилденин так ортосундагы суук мезгил
Чилде чыгар маалдагы суук мезгил

Түштүк диалектидеги мал-чарбачылыгында керектелген сөздөрдү табыңыз...

Паншак - (айры), нушкурт (тоют калдыгы), сыйыр (уй).

Кийинки суроо


Паншак, нушкурт, сыйыр
Абдесте, илеген, челек
Калит, сырга, түймө

Бакай-Атада көйө бышырып атыры. Кайсы тамак тууралуу сөз болуп жатат?

Куурулуп бышырылган шорпону Бакай-Атанын айрым айылдарында көйө дешет.

Кийинки суроо


Куурулуп бышырылган шорпо
Куурулган лагман
Ышталып бышкан эт

Тепек – бул ...

Ысык-Көл говорунда козу карынды тепек деп айтышат.

Кийинки суроо


Токойдо өсчү гүл
Жапайы чөп
Козу карын

"Балышымдын тагига пулумду бекитип, саар карасам жок". Мааниси кандай?

Кыргыз адабий тилинде "Жаздыктын астына акча катып, эртең менен карасам жок" деген маанини түшүндүрөт.

Кийинки суроо


Баламдын тамагын куюп бердим
Берген тыйынымды кайтарбай койду
Жаздыктын астына койгон акчамды таппай калдым

Лиңга - бул ...

Лейлекте мүшөктү лиңга деп айтышат.

Кийинки суроо


Теңге
Мүшөк
Элек

Жоголгон малды издеп чыгып турнабай менен да таба алган жокмун. Турнабай деген эмне?

Ысык-Көлдө жана Нарында дүрбүнү турнабай дешет. Ичкилик диалектиде дүргүн дегендер да бар.

Кийинки суроо


Компас
Дүрбү
Бүркүт

Ошто бири-бирине “а дегиле” дегени эмнени түшүндүрөт?

Аймактык өзгөчөлүктү ушундан билиңиз, Ошко барганыңызда сизге "А дегиле" деп кайрылгандар болушу мүмкүн. Бул сизди көрүп, ал-абалыңызды сураган маанини туюндурат. Буга "аа дедик" деп же унчукпай баш ийкеп, жылмайып койсоңуз болот.

Кийинки суроо


Аа тамгасын айткыла дегенди түшүндүрөт
Ал-абалды сураганды түшүндүрөт
Сүйлөй аласыңбы дегенди түшүндүрөт

Чыптаманы түштүк диалектиде камзир дешет. Жалал-Абадда - чырмый, ал эми Нарындачы?

Кийинки суроо


Өпкө кап
Бортоной
Кемсел

“Түндүктүк келин” тасмасында кайненеси келинине “Жавандагы наватты ликапка салып кел” дейт. Жаван, ликап деген эмне?

“Түндүктүк келин” тасмасында кайненеси келинине “Жавандагы наватты ликапка салып кел” дегенде келин сандыктагы наватты табакка (тарелкага) салып келиши керек.

Кийинки суроо


Сандык, табак
Баштык, казан
Жер төлөө, чака

Таттуу-тарапа - бул ...

Нарын говорунда таттууларды жалпылап таттуу-тарапа дешет. Түштүк диалектиде - кант-курс дешет.

Кийинки суроо


Момпосуй, таттуу кондитердик азыктар
Таруудан жасалган таттуу суусундук
Шекер кошулган талкан

“Паам парасаты жок" дегендин мааниси кандай?

Көп нерсени баамдабайт, сезе билбейт, этибарга албайт же акылы жетпейт деген маанини түшүндүрөт.

Кийинки суроо


Кемчилиги жок
Тазалыгы начар
Этибарга албайт

Камыр жайган үбөлүктү Баткенде нургуч дешет. Аксыдачы?

Кийинки суроо


Аш тактанын баласы
Октоо
Валик

"Гүлсарат", "Ак кеме"... Айтматовдун чыгармаларын унута элексизби?

Сиздин упайыңыз

70
Туура жооп: 9
Ката жооп: 5
Жалпы: 14 суроо
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 8 
Комментарийлер(100)
02.11.2017. 21:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
74 ! Кээ бир нерселерди окшоштуруп, суроого кошуптур!!! Ким даярдаса да! Талыкпай иштешин каалайбыз!!! Бирок кызыктуу болуптур!!!
02.11.2017. 21:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
60. Оштуктардын диалектисине сөз жок). Ошол менен байып жатат кыргыз адабий тили))
02.11.2017. 21:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
34
02.11.2017. 22:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чон чыныны герден деп айткандар барбы?
24.12.2017. 23:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
aman0296,Казарманда чын эле герден дейбиз тамак куйган чон чыныны, дээрлик бардыгы
02.11.2017. 22:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
60бал!туура жооп 9! Ката жооп 10! Кызыктай суйлойт экенсинер адабият тилинде бир гана Токтогул суйлойт адабият Токтогулдан чыккан
02.11.2017. 22:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Ошто биз чыны эле дейбиз, кердим дебей эле. Паншек, нушкурт деген соз да Ошто жок. Окшоштура бербегилечи.
03.11.2017. 11:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Mehazahn57,Мен да оштукмун.Бирок биринчи угуп атам.
02.11.2017. 23:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Опко кап ха ха ха
02.11.2017. 23:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-10
Көл нарын чүй талас токтогул таза сүйлөйбүз кыргызча сеням меням дебей сен мен,тобаа эмес тобоо,куда кааласа эмес кудай буйруса,гөш эмес эт,пут эмес бут.
02.11.2017. 23:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Aikyn93, эгер сен кыргызчаны таза сүйлөйм деп ойлосоң анда мага жазчы бир сынайын албетте коркпосоң
02.11.2017. 23:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Blackmoon,сен мени сынагандай кимсиң?
03.11.2017. 00:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Aikyn93,бөлүп жарбай. Чык эшике
03.11.2017. 01:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Aksy9595,эшике эмес эшикке бишкеке эмес бишкекке
03.11.2017. 01:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Aikyn93,жардың го тууган тобоо эмес тообо
04.11.2017. 19:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Aikyn93,мен сага окшогон элди бөлүп жарганлардын катачылыгын түшүндүрө турганмын. Биринчиден сен эмес сиз. Экинчиден сен кимсиң леп текеберденбегин таксыр.
02.11.2017. 23:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
80 упай чоң чыныны токтогулда Балгам дейт
02.11.2017. 23:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бияк озунчо эле Бадавод болуп кеткенго
03.11.2017. 01:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тилди байытуу үчүн диалектидеги сөздөрдү 100% эмес албетте көп сөздөрдү адабий тилге киргизиш керек. Ағыл деген сөз калып кетиптир мал сарайды кыргыздар 840-жылы эле ағыл деп айтчу да. 840-жыл бул факт. Тарыхчылардан сурасаңар. Ағыл бул мал сарай.А сарай деген сөздү кыргыздар эч качан мал кармаган жерге колдоншон эмес.
barsbegKG түзөттү 2017-11-03 01:29:41
03.11.2017. 03:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
60 көп диалекти билбейт экенмин
03.11.2017. 04:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
47 туура 7
Ката 8
03.11.2017. 04:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
80 бал 12 туура 3 ката
03.11.2017. 13:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Укмуш билем деп , озумо ишенгем ...))) 67 балл
03.11.2017. 15:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
74 балл. Жаман эмес
03.11.2017. 16:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кээ бир создордун кыргыз тилинде бар экенине ишенбей кеттим:-))
03.11.2017. 20:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
80
04.11.2017. 01:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
А дегиле деген сөз учураган эле адамдарга айтыла бербейт. Ал жумуш кылып аткан адамдарга айтылат,арыбагыла дегенге окшош мааниде эле.
04.11.2017. 01:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Абадда эмес Абадта болсо керек.
Анан кээ бир аймактарында десеңер, баарын эле бир казанга тыга бербей. Түштүктө чоңоюп ваще мен укпаган сөздөр бар экен.
04.11.2017. 11:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Колдо бадывод
21.12.2017. 23:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
*Аа дегиле!*-деген бул "Ишинер илгери болсун"-дегенди туюндурат.
07.11.2017. 17:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Чүйлүктөрлүн диалектисин жазбайсыңарбы. М:тияк эмес тигил жак, мореке эмес мына бул, омей эмес ай ий жана башка ушул сыяктуулар.
24.11.2017. 14:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
12-суроодо пайшак, мушкурт дейбиз. Пайшак бешилик, мушкурт малдын жеген чөп калдыгы.
03.12.2017. 14:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чынында билбейт экем. 47эле болуп калды
21.12.2017. 21:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
60
22.12.2017. 00:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0

ТЕСТ: Чоң чыны Жалал-Абадда кердим, Баткенде каса, Ысык-Көлдөчү? Диалект сөздөрдү 100 пайыз түшүнөсүзбү?

Сиздин упайыңыз
94
Туура жооп: 14
Ката жооп: 1
Жалпы: 15 суроо
Бали! Сиз диалект сөздөрдү кыйын билет экенсиз!
deit
22.12.2017. 16:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
койгулачы Оштода Жалабатта да мындай создор жок мен жакшыле тушунчулем диалектини начар болуп калдыго тестим
22.12.2017. 16:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Супер инфо бул тестти жакшы иштебепсинер чын мени Ошто тушунбойле журоткенсин деп сындап койот мен озу Ошол жактан болсом мындай создорду Оштуктарда айтылбайт
08.02.2018. 17:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
туштук жергсине тиешелуу айрым диалект создорду туура эмес жазыптырсынар
26.12.2018. 15:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Оштуктарды кыргыз тилинде уйлогонго уйротуш керек мектептен баштап. Антпесе же озбекче эмес же кыргызча эмес жаны тил чыгарып алышыптыр.
1
2
3
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: