super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 2-НОЯБРЬ: Киндиги моюнуна оролуп төрөлгөн бактылуу наристе, төшөктөгү эпизоддорго тартылуудан баш тарткан "Болливуд падышасы" Шахрух Хан 52 жашка толду

 

"Болливуддун падышасы" атка конгон индиялык актёр, продюсер жана алып баруучу Шахрух Хан катышкан тасмаларды калтырбай көргөндөр четтен табылат. "Менин атым Хан", "Сүйүшкөндөр", "Девдас" жана башка тасмалар аркылуу көпчүлүктүн кумирине айланган актёр бүгүн, 2-ноябрда 52 жашка толду.

Ал 1965-жылы 2-ноябрда Индиянын Нью-Дели шаарында туулган. Экономика жаатында билим алган Хан 1988-жылы университетти аяктап, ошол эле жылы актёрлук чөйрөгө аралаша баштаган. Алгач бир канча сериалдарда эпизоддук ролдорду аткарып, 1992-жылдан тарта фильмдерде баш каармандын образын чагылдыра баштаган.

1990-жылдардан азыркы кезге чейин кандай гана тасмага тартылбасын баары тең өз көрөрмандарын таап келет. Мисалы, быйыл, 2017-жылы жарыкка чыккан "Бай" тасмасы да жетиштүү деңгээлде киреше алып келген. Бирок контрабанда менен машыккан адамдын образын чагылдыргандыктан биринчи жолу ал катышкан фильмди Пакистанда көрсөтүүгө тыюу салышкан.

Ал эми 2007-жылдан тарта телевидениеде алып баруучулук кызматты аркалап, ар түрдүү интеллектуалдык берүүлөрдү алып барып келген.

Жубайы менен

1991-жылы Гаури Чиббер аттуу бийкеч менен баш кошкон. Экөө 1 кыз, 1 уулдуу болушкан, ал эми 3-ымыркайын карын эне төрөгөн.

Шахрух Хан тууралуу кызыктуу фактылар:

  • Шахрух төрөлгөндө киндиги моюнуна оролуп түшкөн. Төрөткөн аял баланын ата-энесине "Бул жакшы жышаандын белгиси. Балаңар бактылуу болот экен" деп сүйүнчүлөгөн;
  • Карьерасын жаңыдан түптөп баштаган кезде "Сүйүү мезгили" тасмасына тартылып, андагы ролу үчүн 25 миң рупий (болжол менен 26600 сом) гонорар алып, фильмдин бет ачарында өзү кинотеатрдын алдында туруп билеттерди саткан. Ал эми азыркы кезде анын байлыгы 600 миллион долларды чапчыйт;
  • Өзүнүн айтымында, Мумбай шаарындагы интернетке кошулган эң биринчи адам болгон, ал эми популярдуулуктун туу чокусуна жетип турган маалда күнүнө 100гө жакын жооп берилбей калган чалуулар болуп турган;
  • 72 саат эс албастан тасмага тартылган. Бул анын карьерасындагы эң узакка созулган тынымсыз тартуу иштерине кирет;
  • Болливуддун 80ден ашуун тасмаларына тартылса, анын ичинен 2 гана кинодо терс каармандын образын чагылдырган;
  • Киного бирге тартылган өнөктөшү менен төшөктө жаткан, өбүшкөн жана жаман сөздөрдү сүйлө­гөн эпизоддорго тартылуудан баш тартат;
  • Бош убактысында компьютердик оюндарды ойноодон ырахат алат;
  • Тасмага тартылып жүргөн кезинде далысын, сол колун, бир тизесин, жадакалса бутундагы 1 манжасын да сындырып, операцияны баштан өткөргөн учурлары болгон.

2-ноябрдын жылнаамасы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(5)
02.11.2017. 09:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Чындыгында таланттуу актер.
02.11.2017. 09:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Молодец бир эле аял мн жашаптыр
02.11.2017. 10:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Индиялык кыздардын вкусу болсо керек! Билбейм бизде кандай кыздардын конулу тартат бул кишиге.
02.11.2017. 13:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Окууп келатып мынчанчы жылы ажырашып дейт окшойт десем бир ле аял мн жашаптыр респект хороший актер
04.11.2017. 01:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аябай жакшы корчум
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: