super.kg logo

Бишкекте өспүрүмдөр арасында "Карек" кинофестивалы өтөт

 

Бишкекте балдар жана өспүрүмдөр арасында "Карек" кинофестивалы өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында 14-15-ноябрда балдар жана өспүрүмдөр үчүн экинчи ирет уюштурулуп жаткан "Карек" кинофестивалы өтөт. Иш-чаранын жүрүшүндө мыкты тасмаларды жараткан балдар аныкталып, сыйлыктар тапшырылат.

Бул сынакка 7 жаштан баштап 17 жашка чейинки балдар катыша алат. Сынактын шарты боюнча катышуучулар узактыгы 10 мүнөттөн кем эмес комедия, драма, мелодрама, фантастика жанрындагы кыска метраждуу тасмаларды даярдоосу зарыл.

Сынакка катышуу үчүн жалпы 75 тасма келип түшкөн. Алардын ичинен:

- драма - 40 тасма
- документалдуу - 15 тасма
- анимация - 3 тасма
- социалдык роликтер - 7 тасма
- клип - 5 тасма
- слайд-шоу - 4 тасма.

Уюштуруучулардын айтымында, мындай фестивалдар балдардын киноискусствосуна болгон кызыгуусун арттырып, тажрыйба топтоого жана алдыга умтулууга өбөлгө болот.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: