super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 3-НОЯБРЬ: Машыгуу учурундагы жаракаттарынан улам 15 операцияны баштан өткөргөн муз үстүндөгү бийчи Евгений Плющенко 35 жашка толду

 

Муз үстүндөгү бий боюнча Орусиянын Эмгек сиңирген спорт чебери жана Олимпиаданын 2 жолку, дүйнөнүн 3 жолку, ал эми Европанын 7 жолку чемпиону Евгений Плющенко 1982-жылы 3-ноябрда Солнечный шаарчасынын Хабаровск аймагында туулган. Спорттун муз үстүндө бийлөө түрүнө болгон кызыгуусун апасы Татьяна ойготуп, биринчи жолу бутуна конькини 4 жашында байлаган.

11 жашка чыкканда алар жашаган Волгоград шаарында муз аянтчасы жабылып калат. Натыйжада улуу максаттарды көздөгөн Евгений үй-бүлөсүн таштап, Санкт-Петербургга көчүүгө аргасыз болот. Уулунун келечеги үчүн Плющенколордун үй-бүлөсү экиге бөлүнүп жашап калышкан. Тактап айтканда, апасы экөө Санкт-Петербургда батирде, атасы Виктор менен карындашы Елена Волгоградда калышкан. Мына ушундай тоскоолдуктар жана тынымсыз машыгуулардын жыйынтыгы менен чемпиондукка жеткен.

Муз үстүндө бийлөө боюнча Олимпиадага 4 жолу катышып, 2 жолу чемпион аталса, 2 жолу күмүш медалга ээ болгон. Машыгуу учурунда бир канча ирет жаракат алып, 15 жолу операция жасаткан. Ал эми ушул жылдын март айында карьерасына чекит койгонун билдирген.

"Байкасам, муз үстүндө бийлөөгө кызыккан жаштардын саны абдан көбөйүптүр. Аларга жол бошотуу керек. Мага бул жагы жетишет, ыраазымын. Анын үстүнө 15 операцияны баштан өткөргөн соң 5-ирет Олимпиадага катышуу оңой эмес", - деген ал.

Учурда Плющенко Орусиядагы белгилүү продюсер Яна Рудковская менен бирге түтүн булатып келет. Бул анын экинчи никеси. Буга чейин Мария Ермак деген бийкечке үйлөнүп, Егор аттуу балалуу болгон. Бирок 2008-жылы ажырашып кетишкен.

Ал эми Рудковская менен таанышып калышына “Евровидение-2008” ыр сынагы себепчи болгон. Тагыраагы сынакка Орусиянын атынан катышкан ырчы Дима Биландын жанында атайын даярдалган муз үстүндө бийлеп турган. Сынактан Билан 1-орунду багындырган соң, анын продюсери Яна менен болгон мамилеси жакындап, бир жылдан кийин расмий түрдө баш кошушкан. Учурда продюсердин биринчи жолдошунан 2 баласы жана Плющенко экөөнүн ортосунда 2013-жылы төрөлгөн Александр аттуу уулу бар.

Учурдагы жубайы Яна жана уулу Александр менен

Түгөйлөр ушул жылдын сентябрь айында, үйлөнгөндөрүнө 8 жыл, ал эми таанышкандарына 10 жыл болгондуктан Орусиядагы чиркөөлөрдүн биринен никеге турушкан.

3-ноябрдын жылнаамасы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: