Бишкектин Ак-Босого жаңы конушунда маршруттук такси кырсыкка кабылып, 2 адам жаракат алды
Бишкектин Ак-Босого конушунда жеңил унаа №107-каттамдагы кичи автобус менен сүзүшүп, 2 адам жаракат алды. Бул тууралуу бүгүн, 2-ноябрда Патрулдук милициядан билдиришти.
Алардын айтымында, окуя бүгүн, 2-ноябрда саат 10:30дар чамасында болгон.
"Маршруттук каттам Профессор Зима көчөсү менен ылдыйды көздөй бара жатып, солго бурулганда аркасынан бара жаткан Мерседес Бенц 430 үлгүсүндөгү жеңил унаа капталынан сүзгөн. Анын кесепетинен кичи автобус оодарылып калган. Натыйжада маршруттук каттамда бара жаткан 2 жүргүнчү жабыр тартып, "Тез жардам" кызматы алып кеткен. Учурда эки унаа тең айып аянтчасына коюлду. Тийиштүү экспертизалар дайындалууда", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:51
2025-07-19

13:47
2025-07-18

10:29
2025-07-18
Рейтинг:
-1

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.