Таласта жол кырсыгы катталып, 1 адам каза болду
Талас районунда жол кырсыгы катталып, кырсыкка кабылган унаанын айдоочусу каза болуп, жүргүнчүсү жаракат алды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы маалымдады.
"3-ноябрга караган түнү саат 01:37де ӨКМнын №101-өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары Өтмөк-Ала-Бел ашуусунда жол кырсыгы болгон жерге барышкан. Окуя болгон жерде мамлекеттик № О36-73АI номерлүү Матиз үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу, 1968-жылы туулган А.К. жол кырсыгынан каза болгон. Куткаруучулар кырсыктан жаракат алган жүргүнчү 45 жаштагы Т.К.га биринчи медициналык жардам көрсөтүшкөн, анын абалы жакшы", - деп билдирет аталган мекемеден.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:51
2025-07-19

13:47
2025-07-18

10:29
2025-07-18
Рейтинг:
2

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.