super.kg logo

Москвада өткөн эл аралык сулуулук сынагында Кыргыз өлкөсүнөн катышкан 5 жаштагы Матвей Дайнеко жеңишке жетти

 

Москвада балдар арасында өткөн эл аралык "World beauty-2017" сынагына Кыргыз өлкөсүнөн катышкан Матвей Дайнеко баш байгеге арзыды. Бул тууралуу аталган сынактын өлкөдөгү уюштуруучулары билдирди.

Анда айтылгандай, эл аралык сынакка катышып, жеңишке ээ болгон Матвей 5 жашта. Сынактан жеңишке жеткенден кийин ага "Mini Mister International-2017" наамы тапшырылган.

Фестиваль 31-октябрдан 3-ноябрга чейин өткөн. Ага өз өлкөлөрүндө өткөн сынактан жеңип алган таланттуу балдар катышкан. Жалпысынан 20дан ашык өлкөдөн катышуучулар келип, Орусиянын жана башка өлкөлөрдүн белгилүү маданият кызматкерлеринин сынынан өткөн.

Матвей эми алдыда өтө турган "Mini Mister World" фестивалына катышат.

Буга чейин Кыргыз өлкөсүндө өткөн сынактан жеңишке жеткен Матвейге "Кичинекей топ модель" наамы берилген. Ал 4 жашында Астана шаарында өткөн эл аралык сынакка да катышып, "Little mister world beauty Asia - 2017" наамын жеңип алган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Комментарийлер(7)
04.11.2017. 10:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жакшы жаңылык! Азаматсың, куттуктайбыз!
04.11.2017. 11:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Конулду котортчуу жанылык,улуту ким? Атыэле озгочого????
04.11.2017. 12:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Энесинин аты - Бүбүсара Байботоева деп жазылып жүрөт ММКларда, атасы жөнүндө маалымат жок азырынча. Бирок, Дайнеко деген украиналык фамилия...
04.11.2017. 13:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Вика Дайнеконун иниси окшойт
04.11.2017. 14:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Rasul94,ой боорду эздинго ха хаго.Башкысы бала Кыргызстандык озу деле кыргызга окшойт экен.Молодец.
04.11.2017. 15:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Келечек жаштардын колунда!!!
Ийгилик каалайм.молодец
04.11.2017. 19:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азамат, дуйно сынагын да багындыр
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: