ӨКМ: "Ош-Бишкек жолунда жол кырсыгы катталып, 10 адамдын өмүрүн алды. Арасында балдар да бар"
"Бүгүн, 6-ноябрда Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарында Бишкек-Ош жолунун 457-чакырымында жол кырсыгы катталды. Кырсык 10 адамдын өмүрүн алды", - деп маалымдалды Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан.
Маалыматта айтылгандай, Хонда Степвагон үлгүсүндөгү унаа менен ДАФ газ ташуучу унаа бетме-бет кагылышкан.
"Каза болгондордон бирөө аял киши, экөө балдар, алардын бири 6 айлык, жетөө эркек кишилер. Кырсык түнкү саат 12:05те катталып, 8 адам окуя болгон жерде көз жумган. Экөө ооруканада каза болду. Учурда кырсыктан каза болгон адамдардын аты-жөнүн тактоо иштери жүрүүдө", - деп айтылат маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:51
2025-07-19

13:47
2025-07-18

10:29
2025-07-18
Рейтинг:
-1

Биринчиден копчулук он рулдуу унааларда жургунчу ташууга тыю салуу керек деп какшап келгенине жылдар айланды... Бийлик элди укканда, тыю салганда аварияга себепкер он рулдуу унаалар саны азаймак...
Экинчиден жол кыймылын тартипке салып реформа жургузуш керек деп какшап эле келебиз... Кана бийлик реформа кылганы?!! Ушунча окуядан кийин авария, олумдор бийликке, Атамбаевге жагып жатабы деген ой келет экен.....
Ошол учун Кыргызстан ичинде 500-1000 видеокамера койгула деп сайрап келебиз... Опкосун колтуктап унааны катуу айдагандар 2-3 жолу штраф толоп чонтогу "жукара" тушкондо, унаасын катуу айдаарда ойлоно турган болот....