super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 6-НОЯБРЬ: "Туулган күнүмө менден да үй-бүлөм көп маани берип, белгилейт" дейт 53 жашка толгон ырчы Алина Жетигенова

 

Үй-бүлөдө сүйүктүү жар, мээримдүү эне, сахнанын ажарлуу айымы, ырчы Алина Жетигенова бүгүн, 6-ноябрда 53 жашка толду. Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Жетигенова "Кыздын сыры", "Арген", "Ал мен эмес", "Жаз" аттуу ырлары менен элдин жүрөгүнөн түнөк тапкан.

Ырчы айымга байланышып, өздүк майрамы менен куттуктаганыбызда ал порталга ыраазычылыгын билдирип, ачык маанайда буларга токтолду: "Маанайым эң сонун, үй-бүлөм үчүн менин туулган күнүм кубанычтуу датага айланган. Жыл сайын күтүшөт, жылдагыдай эле кечээ түнү сааттын жебеси он экини какканда балдарым, жолдошум куттуктап баштады. Бүгүн да эртең менен менден эрте туруп, мага жакшы маанай тартуулоо үчүн даярданып жатышыптыр", - дейт ал.

Алина Жетигенова Таластын Арал айылында 1964-жылы 6-ноябрда төрөлгөн. Мектепти аяктаган соң филармониянын алдындагы эстрадалык студияга кирген. Окуп жүргөндө Асылбек Рысалиевдин "Жетиген" тобунда ырчы болуп, "Бозойго" аттуу ыры менен Алина деген аты эл оозуна алынган. Окууну аяктагандан кийин филармониядагы "Ариет", "Таазим" музыкалык топторуна кирген. Ал убакта ырчынын "Дасторкон", "Апама кат" деген ырлары хит болгон. Ырчы бул жылы да чыгармачылыктын үстүндө кызуу эмгектенерин кошумчалады.

"Өткөн жылы чоң концерт бергем. Ошондо жазылган ырларды элге жайылтуунун үстүндө иштейм. Бүгүн көптөгөн тааныш, дос, туугандарым жакшы тилектерин билдирип жатат. Ошол тилектер орундалсын, дагы ийгиликтерди жаратуунун аракетин көрөм. Убакыт өткөн сайын туулган күнүңдү шаан-шөкөт менен белгилегенден тартынат экенсиң, бирок жакындарың ага карамак беле. Азыр жолдошум, балдарым баары чуркап даярданып жатышат. Куттуктагандардын баары үйгө батпайт. Андыктан ресторанда белгилейбиз", - дейт Жетигенова.

6-ноябрга карата жылнаама.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(6)
06.11.2017. 16:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бар болунуз дайыма Алина!
06.11.2017. 16:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
53 жашта деп ойлобопмун муну.
06.11.2017. 16:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Екетерина Азанова биздин эжебиздин чанында эле калат турбайбы.Омуру узун болсун бактылуу болсун балдарыныздын жакшылыгын корунуз ден соолугунуз чын болсун.Кыргыз элинине талыкпай кызмат кылып журо бериниз.жузунуздон ар дайым жалмайуу,журогунуздон ыйман кетпесин.
toma95 түзөттү 2017-11-06 16:33:40
06.11.2017. 18:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Алина Эже жузго чыксын ылайым!
06.11.2017. 18:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Урматтуу администрация,Алина Жетигенованын концертин жуктоп койсонуздар,сураныч
07.11.2017. 09:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
baboskin, саламатсызбы! Сунушуңуз тиешелүү бөлүмгө жеткирилди.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: