Бишкек-Ош жолунда 10 адамдын өмүрүн алган кырсык боюнча кылмыш иши козголду





6-ноябрга караган түнү Бишкек-Ош жолунун 457-чакырымында болгон кырсык 10 адамдын өмүрүн алды. Ага карата Жалал-Абад ОИИБинин тергөө бөлүмү тарабынан кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.
"Кырсык болгон жерге Жалал-Абад ОИИБинин жетекчилиги жана Таш-Көмүр ШИИБинин өздүк курамы барып, кароо жүргүзүштү. Окуянын келип чыгуу себептерин аныктоо үчүн тиешелүү экспертизалар дайындалып, Жалал-Абад ОИИБинин тергөө кызматы тарабынан "транспорт каражаттарынын кыймылынын жана аларды пайдалануунун коопсуздук эрежелерин бузуу" беренесинде көрсөтүлгөн кылмыш белгилери менен иш козголуп тергөө амалдары жүргүзүлүүдө", - деп билдирет басма сөз кызматы.
Айта кетсек, 6-ноябрга караган түнү Бишкек-Ош каттамынын 457-чакырымында DAF газ ташуучу чоң унаа менен Хонда Степвагон үлгүсүндөгү унаалар кагылышып, 10 адам мерт кеткен.



Каза болгондордун жайы бейиштен болсун.
Булар биринин аркасын бири казып буто албады. Мындайда карапайым калктын койгойлору оюна да келбейт.
Булар только, кызматка келсем, Акча жеп калсам, доляга отурсам, ж.б. ойлошот.