super.kg logo

КИНОЗАЛ: Эксклюзив! "Ажар" тасмасы "Кинозал" бөлүмүндө

 

SUPER.KG порталынын "Кинозал" бөлүмү мелодрама, мистика жанрындагы жаңы тасма менен толукталды. Тунук сүйүү, кыргыз жеринин кооз жаратылышын чагылдырган тасмада Жамал Сейдакматова, Калипа Усенова, Куштар Камил уулу, Акмаанай Эшбаева жана башка актёр, актрисалар роль жаратышкан.

Тасмада сүйгөн жигитин башка кыз менен сүйлөшүп турганын көргөн бийкеч ага таарынып, кызганып курбусу менен Жалал-Абаддагы Арстанбап айылына кетип калат. Жаратылыштын кооздугу, айыл элинин кең пейилдиги, таза аба кызга жагып, жагымдуу таасир калтырат. Бирок ошол эле учурда кызды айылдагы шаркыратмага барган сайын сырдуу, коркунучтуу көлөкө ээрчигенин койбойт...

Тасманын режиссёру Асамиддин Мухиддинов тасма тууралуу буларга токтолду: "Ажар" тасмасы тартуучу топтун биринчи эмгеги. Ошондуктан анда кетирилген кемчиликтер, катачылыктар өзүбүзгө да байкалып жатат. Буга чейин кинотеатрларда көрсөтүлүп жатты. Фильмди көргөндөр өз ара сындап жатышкандыр, бирок бизге келип "мындай орой катачылык бар экен" деп айтыла элек. "Ажар" менен тушообуз кесилди, арышыбыз байсалдуу болсун деген тилек менен жаңы тасмаларды жаратуунун үстүндө иштеп жатабыз. Буюрса, өмүрүмдү кыргыз киносунун тарыхында кала турган мыкты тасмаларды тартууга жумшайм", - дейт ал.

"Ажар" тасмасын көрүү үчүн бул жакка кириңиз.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 7 
Комментарийлер(4)
06.11.2017. 17:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Рахмат супер kg
06.11.2017. 17:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Киносун короордор мурун коменттерге бир коз чаптырмайым бар. Кинонун кандай экенин комментарийдеги билдируулордон билип койсон болот.
06.11.2017. 17:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Биздин кинолордун сценарийи бут эле бир-бирине окшош.
06.11.2017. 17:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Супер инфо. Арзы деген кинону качан жуктойсунор сайтынарга?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: