super.kg logo

Рэпер Тимати жеке концертинде Орусиянын футбол боюнча улуттук курама командасынын формасын кийип чыгып, күйөрмандарын таң калтырды

 

Рэпер Тимати жеке концертинде Орусиянын футбол боюнча улуттук курама командасынын формасын кийип чыгып, күйөрмандарын таң калтырды. Бул тууралуу орус маалымат булактары жазып чыгышты.

Маалым болгондой, белгилүү рэп аткаруучу Тимати өзүнүн жеке концертинде Орусиянын футбол боюнча улуттук курама командасы 2018-жылы Дүйнө чемпиондугунда кие турган форманы жеке концертинде эл алдына кийип чыккан. Концертке келген көпчүлүк жана футбол күйөрмандары үчүн бул окуя күтүүсүз болгон.

Спорттук форманы чыгарган фирманын өкүлүнүн айтымында, бул футбол боюнча улуттук курама команданы колдоого болгон алгачкы кадамдардын бири.

"Улуттук курама команданын формасын эң белгилүү рэп аткаруучулардын бири болгон Тиматинин концертинде жөн жерден көрсөткөн жокпуз, муну менен биз келе жаткан Дүйнө чемпиондугунда Орусиянын улуттук курама командасын колдогонго бардык муундун өкүлдөрү жана жылдыздар даяр экенин баса белгилегибиз келди", - деген ал.

Жаңы форма СССРдин 1988-жылдагы футбол боюнча курама командасынын формасына окшош тигилген, анткени команда дал ушул жылы Сеулда өткөн Олимпиада оюндарында алтын медалды жеңип алган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
07.11.2017. 09:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Шорта-бутсаларын дагы кийип койбоптур да...
07.11.2017. 11:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Барибир орустар группаданда чыга албайт
07.11.2017. 12:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Охо дуйно до кучтуу командалар коп орустар групадан чыкпай ыргыйтко чиркин тап таза
07.11.2017. 13:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Формасы жакшы чыкпай калыптыр
07.11.2017. 18:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бир жакшына эле!!!
Озунорду билбей эле,бироолордон кымтык издеп таба бербесенер!!!
Omuur94 түзөттү 2017-11-07 18:10:47
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: