Бүгүн, 7-ноябрда Кыргызда жалпыга маалымдоо каражаттарынын кызматкерлери кесиптик майрамын белгилөөдө. ММК өкүлдөрүн президент, премьер-министр баштаган өлкө жетекчилиги куттуктады. Бул күндүн урматына журналистика жаатында тест сунуштайбыз.
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
Өлкөдө кыргыз тилиндеги биринчи гезит кайсы жылы жарык көргөн?
Кыргыздын тунгуч "Эркин-Тоо" гезитинин биринчи саны 1924-жылдын 7-ноябрында жарык көргөн. Бүгүнкү майрам дал ушул күндүн урматына белгиленип келет.
Кийинки суроо
1991-жылы
1936-жылы
1924-жылы
Быйыл жазында "Freedom House" уюму Кыргыз бийлигин эмнеге чакырды?
Аталган уюм 2017-жылдын 3-майында Дүйнөлүк сөз эркиндиги күнүнө карата жасаган билдирүүсүндө Кыргыз бийлигин эркин ЖМКларды куугунтуктоону токтотууга чакырган. Уюм Кыргыз бийлигин демократияны өнүктүрүүчү институттарга түздөн-түз чабуул жасап жатканын айтып сындаган.
Кийинки суроо
Сөз эркиндиги боюнча азыркы курсту улантууга
Эркин ЖМКларды куугунтуктоону токтотууга
ЖМКлардын жоопкерчилигин күчөтүүгө
Кыргыз макалы: Баш кесмек бар...
Туура жооп: "Баш кесмек бар, тил кесмек жок". Кыргыздар илгертен сөз, ой эркиндигин чектөөнү кескин сындаган. Макал бүгүнкү күндө да актуалдуулугун жогото элек.
Кийинки суроо
... тил кесмек жок
... кол кесмек жок
... тон чечмек жок
Журналист кызды сөгүп, коркутту делген Жогорку Кеӊештин депутаты Жылдыз Мусабековага КСДП фракциясы чара көрдүбү?
Интернетке тараган аудиожазуулардын негизинде "журналист кызды телефондон сөгүп, коркутту" делген Жогорку Кеӊештин депутаты Жылдыз Мусабекова боюнча КСДП фракциясынын конкреттүү чечими чыккан жок. Окуяны сот териштирерин билдирип чектелди.
Кийинки суроо
Ооба, эскертүү берди
Жок, жазаланган жок
Маселе бүгүн каралууда
Мыйзамга ылайык, Кыргыз жеринде чет элдик жарандар телеканалга ээлик кыла алышабы?
Мыйзамга ылайык, чет элдик жарандар Кыргыз мамлекетинде телеканалга ээлик кыла алышпайт. Тийиштүү мыйзамды өзгөртүү демилгесин Жогорку Кеӊеш 2017-жылдын апрель айында жактырган.
Кийинки суроо
Ооба
Жок
Орусия жарандары гана ача алышат
Жазмакерге көп айтылган каалоо...
Адатта, акын, жазуучу, журналист өӊдүү чыгармачыл адамдарга карата "калемиӊ курчуй берсин" деген каалоо көп айтылат. Бул калемиӊ мокобой, мындан ары да мыкты эмгектерди жарата бер деген тилек.
Кийинки суроо
"Өнөрүӊ өркүндөй берсин!"
"Калемиӊ курчуй берсин!"
"Конушуӊ жайлуу болсун!"
Кыргыз макалы: "Ойлонбой сүйлөгөн..."
Кыргыз макалы - "Ойлонбой сүйлөгөн оорубай өлөт". Ушуга үндөш башка макалдар дагы бар. Мисалы, "Ойноп сүйлөсөӊ да, ойлоп сүйлө".
Кийинки суроо
... оорубай өлөт
... ойгонбой өлөт
... ойлонбой токтойт
"Чеги жок репортёрлор" эл аралык уюмунун изилдөөсү боюнча 2016-жылы Кыргыз мамлекети сөз эркиндиги жаатында мурдагыга салыштырмалуу...
Аталган уюмдун изилдөө жыйынтыгы боюнча 2016-жылы Кыргыз мамлекетинде сөз эркиндигинин абалы артка кеткен. Бир катар критерийлер боюнча өлкөдө сөз эркиндиги жаатында абал начарлаганы белгиленген уюмдун жылдык докладында.
Кийинки суроо
... алдыга жылды
... артка кетти
... бир ордунда калды
Сүрөттө кайсы белгилүү журналист?
Сүрөттө белгилүү журналист, саясатчы Мелис Эшимканов. Ал 2011-жылы дүйнөдөн мезгилсиз кайткан.
Кийинки суроо
Алым Токтомушев
Касым Тыныстанов
Мелис Эшимканов
Сөз эркиндигинин эл аралык күнү кайсы датада белгиленет?
Сөз эркиндигинин эл аралык күнү 3-майда белгиленет.
Кийинки суроо
7-майда
3-майда
21-майда
Журналистика бейрасмий түрдө эмне деп аталат?
Журналистика бейрасмий түрдө төртүнчү бийлик же бийликтин төртүнчү бутагы деп аталат. Бул журналистиканын, ЖМК өкүлдөрүнүн коомдогу ролун, күчүн баса белгилеп турган сөз.
Кийинки суроо
Элдик бийлик
Бешинчи бийлик
Төртүнчү бийлик
"Журналист - калем менен иштеген көчө тазалагыч". Кимдин сөзү?
Жогорудагы сөздү Наполеон Бонапарт айткан. Журналисттер тууралуу көптөгөн афоризм, учкул сөздөр бар. Алардын бири - "Ар бир интервью "Сиздин бул айткандарыӊыздын баары бир убакта сизге каршы колдонулуп калышы мүмкүн" деген эскертүү менен башталышы керек".
Кийинки суроо
Владимир Ленин
Чыӊгыз Айтматов
Наполеон Бонапарт
2009-жылы Алматыда көп кабаттуу үйдөн ыргытылып өлтүрүлгөн журналист...
2009-жылы Алматыда киши колдуу болуп каза болгон журналист - Геннадий Павлюк. Оппозициялык маанайдагы журналисттин эстелиги Бишкек шаарына орнотулган, ага жыл сайын 7-ноябрды утурлай мамлекет жетекчилери гүл коюп эскеришет.
Кийинки суроо
Геннадий Павлов
Геннадий Павлюк
Геннадий Петров
"Ар ким өз пикирин билдирүүгө, сөз жана басма сөз эркиндигине укуктуу". Бул кайсы документтеги кепилдик?
Жогорудагы сүйлөм Кыргыз Республикасынын Конституциясында жазылган. Азыркы тапта оппозициялык маанайдагы саясатчылар, ММКлар сөз эркиндигин чектөө жогорку чекке жеткенин айтып сындашса, бийлик, тескерисинче, ММКларда кенен эркиндик бар экенин билдирип келет.
Кийинки суроо
Конституциядагы
ЖМК жөнүндө мыйзамдагы
Өкмөттүн ЖМК жөнүндө токтомундагы
"Журналистика - коомдун санитары". Цитата кимге таандык?
Бул сөз кечээ, 6-ноябрда президент Алмазбек Атамбаевдин журналисттерди куттуктоосунда айтылды. Президент өз сөзүндө журналисттердин коом алдындагы жоопкерчилигин дагы бир жолу эскертти.
Кийинки суроо
Президент Алмазбек Атамбаевге
Премьер-министр Сапар Исаковго
Экс-спикер Чыныбай Турсунбековго
"Гүлсарат", "Ак кеме"... Айтматовдун чыгармаларын унута элексизби?
Сиздин упайыңыз
70
Туура жооп: 9
Ката жооп: 5
Жалпы: 14 суроо
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Билбегениниз жазганыныздан эле билинип турат.
Сиз ичип, жей турган тесттерден экен))