Чүйдө бир үй-бүлө мүчөлөрү бараткан унаа каналга түшүп кетип, ата-бала каза болду
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, кырсык 7-ноябрь күнү саат 21:00 чамасында ГЭС-5 жана Жер-Казар айылынын ортосунда болгон. Анда Пежо үлгүсүндөгү унаа Чоң Чүй каналына түшүп кеткен.
"Кырсыктын кесепетинен айдоочу 1975-жылы туулган Т.Т. жана анын уулу 2011-жылы туулган Т.Н. окуя болгон жерден каза болгон. Ал эми айдоочунун аялы 1977-жылы туулган Т.Р., 1999-жылы туулган уулу Т.И. жана 2012-жылы туулган кызы Т.А. унаанын ичинен өз алдынча чыгып кетишкен. Алар эч кандай жаракат алышкан эмес. Окуя болгон жерге барышкан куткаруучулар унааны суудан чыгарып, каза болгондордун жансыз денелерин милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен", - деп билдиришти ӨКМдан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:51
2025-07-19

13:47
2025-07-18

10:29
2025-07-18
Рейтинг:
0

Кудая тобо кылдымч кулак суйунтуп,жузду жылмайткан жакшы жанылык укпай калдык го.