super.kg logo

КИНОЗАЛ: Эксклюзив! "Үркүн" тасмасы SUPER.KG порталында

 

SUPER.KG порталынын "Кинозал" бөлүмү "Үркүн" тасмасы менен толукталды.

Тасмада 1916-жылдагы Үркүн окуясы баяндалат. Ак карлуу тоону ашып баратканда тоӊуп өлгөн, карышкырга таланып жем болгондор, таяктар менен куралданган кыргыздардын атып өлтүрүлгөнү, бир табак унга кыздары сатылган кайгылуу окуялар көрсөтүлөт. Фильмдин режиссёру жана продюсери Мухтар Атаналиевдин айтымында, фильмди тартуу учурунда бир топ кыйынчылыктар жана тоскоолдуктар орун алган.

"Тасманын негизги максаты - учурдун жаштарына бүгүнкү күндөгү жашоо кандай кыйынчылык менен келгенин түшүндүрүү, жеткирүү. Эгер ушул максатыбыз ишке ашса, алар жашоону барктап, ата-бабаларына түбөлүк ыраазы болуп, алардын Кыргыз жери үчүн жасаган аракеттерин эч качан унутта калтырышпайт. Фильмди толугу менен тартып бүтүүгө 1 жыл убакыт керектелди. Тартуу учурунда кыйынчылыктар, тоскоолдуктар жаралбай койгон жок. Тагыраагы, айрым мамлекеттик кызматкерлер тасманы толук бүтүргөнгө чейин "улут аралык кастыкты козгоп жибербегиле" деген талап менен улам сайын чакыртышып, сценарийибизди текшерип, айрым жерлерди өзгөртүүгө мажбурлашты. Бирок жыйынтыгы жаман чыккан жок", - деди ал.

Ошондой эле тасмага жалпысынан 500дөн ашуун адам катышканын, актёрлор үчүн кайсы эпизодго тартылуу оор болгонун айтып берди.

"Ашуу ашып, качып бара жаткан эпизодду тартуу кыйынга турду. Күн суук, актёрлордун баары үшүп, Үркүндөгү кырдаалды жон-терилери менен сезишти окшойт", - деди продюсер.

"Үркүн" тасмасын көрүү үчүн шилтеме.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
08.11.2017. 17:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Соонуе
08.11.2017. 22:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Котоон бери кутуп жаттым эле интернетке чыгышын.
08.11.2017. 23:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
orun,котоон эмес коптоон болуш керек
08.11.2017. 23:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
жакшы жакшы
09.11.2017. 09:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушул кинону эч коро албай журдум еле кинотеатрга барсам алдердеда коюлбай калып
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: