super.kg logo

Расул Маматкулов: "Кызым Айгерим менин тарбиямды алган, анын тарбиясы бардык жактан төп келет"

 

SUPER.KG порталынын түз эфиринин кезектеги коногу - Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти, обончу, аткаруучу Расул Маматкулов.

"Мен бийге чакырсамбы?», «От болдум», "Жамиля", "Дүйнө мага сенсиз караңгы" жана башка ырлары менен калктын калың катмарына таанылган ырчы чыгармачылыкта эчен белести ашты. Бирок ал сахнага жаңы чыккан кезинде кандай болсо бүгүн да ошол бойдон, туруктуу бир стилде.

Узун чачынан улам «Кыргыздын Жиммиси» деген атка конгон ырчынын жеке жашоосу, чыгармачылыгы, алдыдагы пландары, ийгилик сырлары жөнүндө билгиңиз келсе суроо жөнөтүңүз.

Эскерте кетсек, жиберилген суроолор редакция тарабынан иргелет. Мааниси окшош, кайталанма суроолор эфирге чыгарылбайт.

Ошондой эле түз эфир жүрүп жаткан учурда бул кабардын алдына комментарий жазып дагы жооп алсаңыздар болот.

15:05 Маек башталды, ырчы алып баруучулардын ойготкуч суроолоруна жооп берүүдө.

15:11 Расул Маматкулов өзүнүн кичүү кызы жөнүндө айтып берди. Жандуу үн менен Гүлбү Ороскул кызына жазып берген "Ортомчу бизге Ысык-Көл" чыгармасын аткарып берүүдө.

15:17 Суроо: Чач жасалгаңызды өзгөртөйүн деген оюңуз барбы?

Жооп: Андай оюм жок, анткени чачым өзүмө, жубайыма, мени тааныгандардын баарына жагат.

15:20 Суроо: Кантип киреше тапса болот?

Жооп: Эмгектениш керек. Иштесең тиштейсиң. Бул суроого кеңеш берүүгө даяр эмесмин.

15:22 Суроо: Ысык-Көлдө Жанна деген кызыңыз бар дешет, катташып турасызбы?

Жооп: Ооба, катташып турам, ага арнап атайын чыгарма да жазгам. "Жанна, Жанна жанарым" деген ыр ошол кызыма арналган.

15:25 Суроо: Клиптериңиздин жарымы эле үйүңүздө тартылган, башка жерде тартса болбойбу?

Жооп: Жарымы эмес, болгону эки эле клибимди үйдө тартканбыз. Анын бири "Дүйнө мага сенсиз караңгы" деген ыр.

15:27 Суроо: Сизди Тажикстанга, Өзбекстанга 2 миң долларга тойго барат деген чынбы?

Жооп: Ооба, Өзбекстан, Тажикстанга да тойго чакырышат, чет жер болгондуктан 2-3 миң доллардан да көп акчага барам.

15:31 Суроо: Үйүңүздү салганга канча каражат кетти?

Жооп: Башында эсептеп келе жаттык эле, андан кийин көп каражат кете баштагандыктан эсептен жаңылдык. Эсептебей коюп канча акча жумшаганыбызды билбей калдык.

15:35 Суроо: Сахнада сиздин атаандашыңыз ким эле?

Жооп: Сахнада атаандашым жок, биздин убакта ар бир ырчынын өзүнө тиешелүү гана стили бар эле. Менин чыгармачылыгыма эч кимдин чыгармачылыгы окшошпойт.

15:37 Суроо: Ушул жашыңызда болуп көрбөгөндөй сүйүүгө кабылып калсаңыз эмне кылмак элеңиз?

Жооп: Азыркы тапта биздин сүйүүбүз неберелерибизге өтүп кеткен, мындай нерсе болушу мүмкүн эмес.

15:40 Суроо: Кызыңыз Айгеримдин дарегине айтылган терс сын-пикирлер сизди кейитеби?

Жооп: Кызым Айгерим менин тарбиямды алган, анын тарбиясы бардык жактан төп келет, ал жакшы кыз экенин дагы бир жолу элге айтып кетким келет.

15:43 Расул Маматкулов жандуу үн менен "Дүйнө мага сенсиз караңгы" чыгармасын аткарып жатат.

15:47 Ырчы аткарган чыгармасынын тарыхына токтоло кетти: "Бул ырды жеңеңер жазганга мажбур кылган. Ал өзү үйгө келгендерге тамашалап калат. "Үйдө баары ырдайт, мен ырдабайм, ырдатам" деп. Кыскасы бул чыгарма жубайыма арналып жазылган", - деди ырчы.

15:50 Суроо: Жубайыңыз менен кантип тааныштыңыз эле?

Жооп: Менин концертиме келип, анан таанышып калганбыз. Окуянын бардыгын айтып бергенге убакыт жетпейт го. Көпчүлүктүн арасынан ошол көрүнгөн го.

15:53 Суроо: Мен Баткенде мамлекеттик кызматта иштейм, айлыгым аз. Үй-бүлөм менен батирде турам, беш айдан бери батирдин акысын төлөй албай жатам. Сизди Кыргыз өлкөсүндөгү эң бай ырчы деп уккам. Мүмкүнчүлүгүңүз болсо мага батиримдин акчасын төлөгөнгө жардам бере аласызбы?

Жооп: Бардык муктаж адамдарга жардам бергенге мүмкүнчүлүгүм жок, бирок эфирден кийин байланышалы.

15:55 Кызыктуу оюн эфирде орун алды. Ырчы кыргыз макалдарын орус тилине которуп берүүдө.

15:58 Суроо: Экинчи аял алам деп келинчегиңизди таарынткан эмес белеңиз?

Жооп: Биринчисине араң түтүп жатканда, экинчи аял кайдан. Жок, андай ой эч качан болгон эмес.

16:02 Эфирде кайрадан Расул Маматкуловдон жагымдуу чыгарма жаңырууда.

16:06 Суроо: Сиздин "Кызыл-тазыл кызды минип алып" деген ырыңыз бар экен, маанисине кантип түшүнсөк болот?

Жооп: (Күлүп) Жоок, андай чыгармам жок. "Кызыл-тазыл жарык, кызды курчап алып" деген ырым бар. Туура эмес угуп алса керек.

16:10 Ырчы мыкты суроону тандап, көрөрмандарга өзүнүн каалоо-тилектерин айтууда.

16:11 Эфирди ырчы жаңы чыгармасын аткарып берүү менен жыйынтыктады. Алып баруучулар мыкты суроо ээси студияга келип, белегин алып кетсе боло тургандыгын айтты. Эфир жыйынтыкталды.


кошулду





Расул Маматкулов: “Кызым Жанна менен катташып турам”

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(29)
08.11.2017. 15:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Саламатсызбы!
Иштеринизге ийгилик!
Суроо: Кызыныз Айгеримди багып алган деген создор, коп эле айтылат. Бирок, озунуз бир да жолу айткан эмессиз. Ушул тууралу кененирек айтып кетинизчи?
08.11.2017. 15:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Расул агатай сиздин Кызыл тазыл жарык,кызды минип алып.деген ырыныз бар экен маанисине кандай тушунсо болот?
08.11.2017. 15:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
kychan.98,тооба кайдан таап алдын))))) ичим эзилип калды куло берип
09.11.2017. 09:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kychan.98,магнитофонун алмаштырышын керек экен
10.11.2017. 10:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
tavanova.sarah,ой тобо ушул нерсени жазганга кандай дитиниз барды экен?журок деген барбы?ооба Айгеримди багып алгам деп айтат беле сиз ушул нерсени кантип сурадыныз
08.11.2017. 15:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Саламатсызбы? Сизди аябай сыйлайм ырларынызды суйуп угам. Суроо кызыныз Айгерим жонундо коп сындар айтылат кобунчо негативдер. Ал сындарга атасы катары сиз да кейийсизби? Жубайыныз жонундо уй булонуз жонундо кыскача айтып отсонуз. Уйбулолук бакыт ишинизге ийгилик каалайм.
08.11.2017. 15:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Кана башталбай жатат го
08.11.2017. 15:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Саламатсызбы Расул аке? Суроо:1) Бул дуйного келип эмне таптыныз жана эмне жоготтунуз? 2) Туз эфирден туруп апанызга званок кылып "Апоов сизди чексиз жакшы кором"-деп,айтынызчы.......Жооп учун алдын ала рахмат
08.11.2017. 15:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Катя эже менен кантеп тааныштыныз эле? Жана эмнеге кыргыз кызына уйлонгон жоксуз?
08.11.2017. 16:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Lekarstvosvoegomuja,Катясы кыргыз эмеспи?
08.11.2017. 18:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Lekarstvosvoegomuja,Катя эже кыргыз эле го.Атын толук билбейм бирок Катя деп эркелетишет болуш керек.
08.11.2017. 15:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Саламатсызбы Расул Байке биринчиден ишинизге ийгилик аравандык кыз деген ырынызга клип тартсам уруксат бересизби алдын ала рахмат
08.11.2017. 15:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Айгерим эми гана турмушка чыккан сон сын-пикирлер токтогонсуп калды... Ага чейин Айгеримге карата коптогон сындар айтылып келген, айрыкча кыска кийиниши, жарым жыналач журушу боюнча... Расул "Айгерим менин тарбиямды алган" деп мактангыча бираз ойлонуп катасын мойнуна алса туура болмок...
ajdaaar түзөттү 2017-11-08 16:01:43
08.11.2017. 15:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Расул байке улгайып баратканыныз сезилеби? Ырыныздын маанисинен жубайыныздан, балдарыныз дан уялган учур болду беле, суйуу жонундогу саптарга байланыштуу
08.11.2017. 16:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Суроолорго канааттандырарлуу жооп бербей жатасыз, ото эле серьёзныйсызго? Же адам жашы откондо ушинтип калабы? Мен сизди шайыр деп билчуумун.
08.11.2017. 16:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Расул байке,мен да ата катары,эркек катары Айгеримге туура тарбия бериниз деп айтып кетмекмин.Ырчы болсун,бирок жарым жыланач эмес.Саламат эжедей,Р.Шакировадай,А.Нарбаевадай болуп,жакшына кийинип ырдаса болмок.Эркек аялына,кыздарына намаз окутуп,ыймандуу тарбиялоого милдеттуу.
SUPER.KG видео
08.11.2017. 16:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+20
Расул ага баары жакшы эле болду аягында шайлоо тынч отту дегениниз ото чон катачылык соке озунузго буйрусун.
08.11.2017. 16:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Хммм ушундай дегиле
08.11.2017. 16:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Уффф айгеримэ эч эле жакпайсын,эне болгонун менен ишин жок жаланачтанып журосун.Табит деген жашабайт дээгт
13.11.2017. 00:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Gema,Айгерим турмушка чыкканы тойлорго коп чыгып жарым жыланач эмес узун кыргыз койнокторду кийип жар жар айтып журотко...
08.11.2017. 16:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Байкуш айгерим ....эри биякта калып эле силер акылдуу болуп кетипсинер.
08.11.2017. 16:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Abdizhapar, жалаң баш тамгалар менен жазууга тыюу салынат.
08.11.2017. 21:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кайсы Бир супер инфого Берген маегинде Расул аке "Айгеримдин кийингени мага жагат,менин кийингени Айгеримге жагат"деген созун окуп алып...тушунбой эле кала Берген элем
08.11.2017. 22:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Молодец жакшы тарбия Берген жонокой
08.11.2017. 22:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ата болуп туруп адашып тарбия бергениниз учун окуни турган Кунда алыс эместир,кеч боло электе балким дагыда ойлоп короттурсуз?сын эле сиздин тарбияныз ал учун ийгилик алып Кёлер бекен?же окунуч алып Кёлер бекен?
09.11.2017. 03:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Апееей бул жерде жалан коро албастар топтолуп алганго. Расул байке Айгеримди эн жакшы тарбиялаган! Дуркурогон той менен узатты элдин алдында, кызы оз тенине тийди, балалуу болушуп башкаларга окшоп бир ай жашап ажырашып кеткен жок. Кыйын экен чыгармачылык менен уй булоону чогу алып кетти. Оштун кадырлуу, улгулуу келинге айланды. Тарбия албаган деп Сайкал, Малика, Айперини айтса болот ошолорго айткыла жарашат. Ажырашып, оздорун эптей албай тыртандап журушот ата-энелерине жук болуп.
09.11.2017. 03:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Расул байке уй булоонузду, чыгармачылыгынызды сыйлайбыз! Дагы жаны чыгармалардын устунон иштей бериниз. Сиздин ырларыныз башкалардан озгочо, жан дилиниз менен ырдайсыз. Москвада болсок дагы ар бир ырынызды калтырбай угам. Коро албастарга конул бурбаныз! Ит уро берет, кербен журо берет! Сиз мыктысыз!
09.11.2017. 05:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Эсептен жанылганы жаман болуптур да
09.11.2017. 05:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айгеримге жарым жыланач жур деп тарбия бергенин кантип мактанып айтып жатат
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: