super.kg logo

Эртең, 9-ноябрда шаардык сот Аида Салянованын ишин карайт

 

Эртең, 9-ноябрда Бишкек шаардык соту депутат Аида Салянованын Ленин райондук сотунун чечимине карата апелляциялык даттануусун карайт. Бул тууралуу анын жактоочусу Чынара Жакупбекова 8-ноябрда SUPER.KG'ге кабарлады. Маалым болгондой, сот отурумунун графиги белгиленип, иш ар шейшемби жана бейшемби күндөрү каралмакчы болду.

Ал эми Салянова иниси Улан Саляновдун каза болгондугуна байланыштуу эртеңки сот отурумуна катышары же катыша албастыгы белгисиз. Анын инисин Бишкектин Көк-Жар жаңы конушундагы үйүнөн 6-ноябрга караган түнү саат 1:30 чамасында белгисиз адамдар атып кетишкен.

Эскерте кетсек, 10-октябрда райондук сот Салянованы күчөтүлгөн режимде 5 жылга эркинен ажыраткан. Сот өкүмү анын 2 жаштагы наристеси 14 жашка толгондо күчүнө кирет.

Салянова "Юстиция министри болуп турганда кылмыш жасаганы үчүн издөөдө жүргөн Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын узарткан" деп айыпталып, 2016-жылдын декабрында кылмыш иши козголгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(8)
08.11.2017. 17:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Башка убакты жылдырылды эле жылдырылды деп олуп кетесинер. Салянованын журогунон кан агып жатса каяктагы сот отуруму!
08.11.2017. 18:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Мынчалык наадан болбогула, бийлик!!!!!! Ар нерсенин чеги болот. Аида Салянова толук акталышы керек!!!!!!
08.11.2017. 21:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Олгондун устуно комгон кылбай турсанар боло!Соттоп деле жетишесинер.
08.11.2017. 22:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Аидага ошол керек эле Мелис Мырзакматов жакшы иштеп жатса кылмыш Иш козгоду эле канчасынын шорун берди эле бул жашоодо кайтар дуйно деп коет
09.11.2017. 01:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Окуучу кезде суктанчулем бул эжеге кычырап формасын кийип алганда мен дагы ушундай болоом деп.Эми тушунуп отурам акча байлык бийликтен корокчо карапайым журсом жакындарыма зыяным тийбейт турбайбыы деп.Бир кудайым билет да эмне кылгандарын.бирде жигит тоо минет бирде жигит жоо журот дегендей болуп калдыда.Кудайдын буйруп берген байлыгына каниет кылыып адилетту болуш керек эле беш манжаны матырбай баарына.эмнеси болсо дагы жаратканым билип билбей кылган куноолорубузду кечирсекен туура жолго салып
09.11.2017. 01:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Olup baratywaby emi ozu jakynynan airylyp otursa jogorku jaktagylardyn kylgandary akylga syibait.
09.11.2017. 03:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Олот экенсинер го ушундай жаман кунго туш болуп турганда башка кунго ле жылдырып турса болмок да
09.11.2017. 10:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сабыр берсин, бул кундор да отоор. Бироого чункур казсан кенен каз, озун тушуп калба дечи эле го
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: