super.kg logo

Кеминде 50 жаштагы аялдын өлүмүнө шектелип бир канча ирет соттолгон жаран кармалды

 

Чүй облусунун Кемин районунда европа улутундагы аялдын өлүмүнө шектелип буга чейин бир нече ирет соттолгон жаран колго түштү. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин маалымат кызматынан 8-ноябрда кабарлашты. Маалым болгондой, Кемин РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө 6-ноябрь күнү саат 20:35 чамасында 50 жаштагы А.О.В. аттуу аялдын бычактан жаракат алып аймактык ооруканага түшкөнү боюнча билдирүү түшкөн.

"Маркум аял ушул жылдын сентябрь айында каза болуп калган күйөөсүн эскерүү учурунда Сергей аттуу адам менен уруша кеткен. Натыйжада Сергей анын көкүрөк тушуна бычак сайып жиберип, андан кийин ал изин жашырган. Факты боюнча "адам өлтүрүү" берененин негизинде кылмыш иши ачылып, кылмышкер издөөгө алынган. Издөө иштеринин натыйжасында кылмыш ишине шектүү катары 59 жаштагы Л.С. аттуу адам кармалып, Бишкектеги №1-СИЗОго камакка алынды", - деп айтылат Чүй ОИИББинин маалыматында.

Учурда бардык соттук-медициналык экспертиза дайындалып, тергөө иштери жүрүп жатат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: