super.kg logo

Бишкек ШИИББи: "6 күн мурда төртүнчү кабаттан кулап түшкөн кызды курбусу түртүп жиберген деп шектелүүдө"

 

Бишкек шаарындагы көп кабаттуу үйдүн төртүнчү кабатынан кулап түшкөн 22 жаштагы кызды курбусу түртүп жиберген. Бул тууралуу SUPER.KG порталына бүгүн, 8-ноябрда Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.

"Окуя 2-ноябрга караган түнү саат 03:30дар чамасында болгон. Жабырлануучу курбусу жана дагы бир бала менен чогуу спирт ичимдиктерин ичип отурушкан. Ортодо кайым айтышуу орун алып курбусу аны түртүп жибергенде ал кулап кеткен. Учурда 104-берене (ден соолукка атайылап оор залал келтирүү) менен кылмыш иши козголуп, шектүүлөр Бишкек шаарындагы №1-СИЗОдо кармалууда. Сот тарабынан баш коргоо чарасы каралып, алар 2 айга камакка алынды", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.

Эскерте кетсек, 2-ноябрда Бишкек шаарынын 11-кичи районундагы көп кабаттуу үйдүн төртүнчү кабатынан 22 жаштагы кыз кулап түшкөндүгү тууралуу "Тез жардам" кызматынан билдиришкен. Дарыгерлер ал оор жаракаттарды алгандыктан оорукананын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылып, кийин абалы жакшырып, башка бөлүмгө которулганын кабарлашкан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(6)
08.11.2017. 18:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Жаш кыздар арактан алыс болгула.
08.11.2017. 18:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Бир гана жаш кыздар эмес, жалпы эле жаш кары дебей баары арактан алыс болсо жакшы болмок. Ушул арактын айынан коптогон жаман иштер болот, уйбуло бузулуу дегеле санап буткус. Ичкендерге ынсап берип ичпей калышсын.
08.11.2017. 18:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Арак Пиво ичкен тамеки чеккен кыздарды ото жаман кором. Кийин алар эне болушат балага кандай гана зыяны тийет.
08.11.2017. 19:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
gute,Анан балам майып торолуп калды жардам бергиле деп журушот да.Кылган оздору тамеки чегип арак ичип
08.11.2017. 19:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+14
Бир чети эрте эле турмуш куруп кеткен жакшы тунку 3то пиво вино арак ичкенден коркчо баланын курсагы тойсун деп сут чай ичип отурганга не жетсин.Менин уже эки балам бар 22демин.Кудайга шугур.Жаратканым ыйман ынсап берсин баарыбызга.
08.11.2017. 20:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Мен ичпейм чекпейм эркек болуп кыздар кантип ичет
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: