Шымкентте 54 жаштагы тургун жалгыздыктан тажап өзүн-өзү бычып салды
"Казакстандын Шымкент шаардык ооруканасына өзүн-өзү бычып салган бейтап түшкөн", - деп жазылат жергиликтүү жалпыга маалымдоо каражаттарында. Маалыматта жазылгандай, ал урук бези турган калтаны кесип салган.
Мындай кадамга барган адам мунун баарын жалгыздыктан тажагандыктан жасаганын айткан. Окуя 7-ноябрда кечинде болгон. Окуя болгон жерге дарыгерлер чакырылып, алар барганда өзүн-өзү бычып салган 54 жаштагы жашоочу үй-бүлө, балдарынын жоктугуна өкүнүп, кейип жүргөнүн билдирген.
"Дарыгерлер ал абдан оор абалда жатканда жардам көрсөтүштү. Шашылыш түрдө операция да жасалды. Учурда жарандын абалы туруктуу. Бир нече күн урология бөлүмүндө дарыланат", - деген Шымкент шаардык ооруканасынын уролог-дарыгери Арман Бейсенов.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
9:58
2026-03-04
22:59
2026-03-03
Рейтинг:
-2
-2

Супер-Инфо
super.kg видео
















Автор: Кызжибек Раимова
деп туратко