super.kg logo

Актёр Сүймөнкул Чокморовдун эстелиги өзүнүн туулган күнүндө ачылды (фоторепортаж)

 
Эстеликтин ачылыш аземине өкмөт башчы Сапар Исаков катышты
Маданият, маалымат жана туризм министри Султан Жумагулов
Орусиянын Свердловск облусунан келген өкүл Александр Соболев
Режиссёр Геннадий Базаров эстеликти тургузуу иштерин аткаргандарга ыраазычылык билдирди
Жогорку Кеңештин депутаты Садык Шер-Нияз
Режиссёр Эрнист Абдыжапаров
Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Иманалиев
"Сүймөнкул Чокморов" фондунун жетекчиси Сагынбек Абдрахманов
Коомдук ишмер Топчубек Тургуналиев
Айкелдин автору айкелчи Алмаз Кожокулов
Эстеликтин салмагы 600 килограмм, ага атайын каражаттар менен эски эстеликтей түс берилген.

Кыргыз киносунун тарыхында “Эң мыкты актёр” наамын 4 жолу алган белгилүү сүрөтчү, СССРдин эл артисти Сүймөнкул Чокморовдун айкелинин ачылышы бүгүн, 9-ноябрда болуп өттү. Айкел борбор калаадагы "Ала-Тоо" кинотеатрынын алдында орнотулган.

Эстеликтин ачылышына маданият тармагынын өкүлдөрү, "Сүймөнкул Чокморов" атындагы фонддун жетекчиси, Орусиянын Свердловск облусунун өкүлдөрү жана премьер-министр Сапар Исаков катышты.

Эстеликти ачкан өкмөт башчы улуу актёрдун чыгармачылык эмгек жолуна токтолду: "Улуу акын Жолон Мамытов "Кыргыз өңү Чокморовдун өңүндөй" деп бекеринен айтпаса керек. Улуу өнөр ээси артында көптөгөн эмгектерин калтырып, Кыргыздын атын алыска тааныткан адамдардын бири болгон. Азыр арабызда бар болсо дагы көптөгөн ийгиликтерди жаратып, тасма сүйүүчүлөрдү сүйүнтмөк", - деди ал.

"Сүймөнкул Чокморов" атындагы фонддун жетекчиси Сагынбек Абдрахманов эстеликтин ачылышына келгендерге ыраазычылыгын билдирип, азыркы тапта Кыргыз жергесинде гана эмес, Орусиядагы да Борис Ельцин атындагы көркөм окуу жайында мыкты студенттерге Сүймөнкул Чокморов атындагы стипендия тапшырылып, ар кандай кароо-сынактар өтүп жаткандыгын кошумчалады.

Залкар таланттын айкелинин ачылышына келген белгилүү режиссёр Геннадий Базаров: "Белгилүү актёрго эстелик мындан көп жыл мурун эле тургузулушу керек эле, бирок азыр да кеч эмес. Бул демилгени көтөрүп эстеликти орноткон "Сүймөнкул Чокморов" атындагы фондго ыраазычылык билдириш керек. Алар көп жылдан бери ишке ашпай жаткан жумушту жасашты", - деди.

Айкелдин салмагы 600 килограмм, ага атайын каражаттар менен эски эстеликтей түс берилген. Мындай эстеликтер Кыргыз өлкөсүндө аз гана санда. Айкелчи Алмаз Кожокуловго таандык бул айкел бир жылдын ичинде орусиялык "Дубровин" ишканасы тарабынан даярдалган.

Бир топ операцияны башынан өткөргөнүнө карабастан тасмаларга дублёр-каскадёрсуз тартылган Сүймөнкул Чокморов көзү тирүү болгондо бүгүн, 9-ноябрда 78 жашка толмок.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(10)
09.11.2017. 17:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Эстеликтин "өңү" деги эле Чокморовго окшобой калыптыр. Айкелчи Алмаз Кожокуловго 2 деген баа.
asmera түзөттү 2017-11-09 17:24:35
09.11.2017. 18:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Менден да 2 деген баа
09.11.2017. 18:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Урматтуу эстеликтин авторлору, кечирип койгула чынында окшобой калыптыр. Бул не деген кайдыгерчилик?!
09.11.2017. 19:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Негизи эстеликтин кереги жок, Ошол эстеликке кеткен акчаны жетим-жесир, жетишпеген уй-булолорго берсе жакшыго дейм.
09.11.2017. 20:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
эмне деген эстелик бу? эч окшобоптур
09.11.2017. 20:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Башка адам го. Чокморов агабыз арык,сулуу жуздуу болгон.
10.11.2017. 02:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жогорудагы коментарийлерге толугу менен кошулам, эстелик залкар инсанга таптаквр окшобой калыптыр, эн окункчтуу!
10.11.2017. 13:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Оа окшошпой калыптыр
10.11.2017. 20:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Болок скульпторго бериш керек кайра жазатсын. Конкурс аркылуу скульптор тандаш керек. Же Сыдыков Базарбеке жазатыш керек.
12.11.2017. 14:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Балдары келишкен бекен?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: