super.kg logo

Шаардык сот Аида Салянованын ишин кароону 23-ноябрга жылдырды

 

Бүгүн, 9-ноябрда Бишкек шаардык соту депутат Аида Салянованын Ленин райондук сотунун чечимине карата апелляциялык даттануусун карамак. Бирок Салянова иниси Улан Саляновдун каза болгондугуна байланыштуу сот отурумуна келбей калып, сот ишти кароону 23-ноябрга жылдырды. Бул тууралуу "Ата Мекен" партиясынын катчылыгынан кабарлашты.

Анын инисин Бишкектин Көк-Жар жаңы конушундагы үйүнөн 6-ноябрга караган түнү саат 1:30 чамасында белгисиз адамдар атып кетишип, сөөгү 8-ноябрда Ысык-Ата районундагы Биринчи Май айылында жерге берилген.

Эскерте кетсек, Салянова "Юстиция министри болуп турганда кылмыш жасаганы үчүн издөөдө жүргөн Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын узарткан" деп айыпталып, 10-октябрда Ленин райондук соту тарабынан күчөтүлгөн режимде 5 жылга эркинен ажыратылган. Сот өкүмү анын 2 жаштагы наристеси 14 жашка толгондо күчүнө кирет.








 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: