super.kg logo

СУПЕР ТВ: Кыргыз кыздарына ашык болгон Нурмат Садыровдун клиби апта ичинде "Супер хиттин" жеңүүчүсү болду

 

Ар жума сайын популярдуу клиптер SUPER.KG порталындагы "Супер хит" долбоору аркылуу добуш берүүгө коюлуп, көрөрмандардын баалоосуна жараша тиешелүү орундарга ээ болушат. Жыйынтыгында бири долбоордон четтетилсе, башкасы жаңыдан "Супер хиттин" катарын толуктайт.

Бул жумада куудул жана ырчы Жакут Сыдыков менен Гүлсүн Бостонкулованын аткаруусундагы "Бассам-турсам" аттуу жаңы видеокомпозициясы "Супер хитке" кошулуп, Сайкал Садыбакасованын "Ойлорум сага" аттуу клиби аз каралганы үчүн долбоордон четтетилди. Ал эми Нурмат Садыровдун аткаруусундагы "Кыргыз кыздары" аттуу клиби эң көп көрүлүп, экинчи ирет 1-орунга чыкты.

"Супер Хитте" көрөрмандардын сынына Баястандын ашыгы менен биргеликте тартылган клиби "Жарашат", Нурлан Насиптин "Таттуу махабатым", Айгерим Расул кызы аткарган "Өзүң эле" жана башка ырчылардын клиптери коюлган. Бул аптада кайсы ырчынын клиптери алдынкы орундарга чыгып, кимдин ыры артта калганын билгиңиз келсе, "Супер хиттин" толук чыгарылышын көрүңүз.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: