super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 11-НОЯБРЬ: Канчалаган сулуулардын жүрөгүнө чок салып, бойдокчулук менен коштошо элек Голливуд актёру Леонардо Ди Каприо 43 жашка толду

 

Белгилүү Голливуд актёру, өзүнүн келбети менен канчалаган айымдардын жүрөгүнө чок салган Леонардо Ди Каприо 1974-жылы 11-ноябрда АКШнын Лос-Анжелес шаарында туулган. Бой тарткандан тарта башталгыч мектептин актёрлук чеберчилик курсунда окуй баштаган. Бирок мугалимдер өткөн сабактарга гана канааттанып калбай, жандуу публикага чыгуу үчүн "The Mud People" тобу менен Лос-Анжелеске гастролго чыккан. 15 жашында ѳзүнүн жеке агенти болуп, ошол мезгилде эле жарнамалык роликтерге, документалдык фильмдерге тартылган.

Ди Каприонун карьерасы күндѳн-күнгѳ ѳсүп, 1991-жылы экранда анын катышуусу менен "Зубастики-3" деген аталыштагы биринчи чоң кино жарык көргөн. Андан соң "Баланын тагдыры" фильминде башкы ролду аткарса, 1993-жылы швед режиссёру Ласс Халстром "Гилберт Грэйпти эмне тынчсыздандырат?" деген фильмине тарткан. Жарым акыл ѳспүрүмдүн ролун жогорку чеберчиликте аткаргандыгы үчүн ал алгачкы жолу "Оскар" жана "Алтын глобус" сыйлыктарына көрсөтүлгөн. Ал кезде Леонардо 19 гана жашта болгон.

Ди Каприо "Ромео + Джульетта", "Баскетболчунун күндөлүктөрү", "Титаник", "Кум жээк", "Нью-Йорктун бандалары", "Авиатор", "Каргыш тийгендердин аралы", "Башталыш", "Улуу Гэтсби", "Бошотулган Жанго", "Уолл-стриттен чыккан карышкыр" тасмаларына тартылып, атактуулугун арттырган.

2016-жылы февраль айында режиссёр Алехандро Гонсалестин "Аман калган" тасмасындагы ролу үчүн "Оскар" сыйлыгын алган. Ага чейин 1994-жылы “Гилберт Грейпти эмне тынчсыздандырат?” 2005-жылы “Авиатор”, 2007-жылы “Кандуу алмаз” жана 2014-жылы “Уолл-стриттен чыккан карышкыр” тасмаларындагы ролдору үчүн “Оскарга” талапкер болгон.

Актёр учурда бойдок. Буга чейин бир канча белгилүү жылдыздар, моделдер менен сүйүү мамилесинде болгону айтылып келет. Бирок сулуулардын эч бири менен никеге турган эмес. Ал жеке жашоосу тууралуу маектеринин биринде киного байма-бай тартылып, бош убактысы аз болгондуктан жана үйүндө аз убакыт өткөргөндүктөн үй-бүлө курууга шашылбай турганын айткан.

Леонардо Ди Каприо тууралуу кызыктуу фактылар:

  • Үй-бүлөдө жалгыз бала, бир туугандары жок;
  • Жаш кезинен актёрлукка берилип, сабактарына анчейин көңүл бурбаган актёрду классташтары дайыма шылдыңга алып басынтышчу;
  • Өзүнүн бут кийиминин өлчөмүн өтө чоң деп эсептейт. Бою 185 сантиметр болгон актёрдун бут кийиминин өлчөмү 46;
  • Жаратылышты, ак илбирсти коргоого болгон аракетин жумшап, ал үчүн атайын фонд да ачкан;
  • Эң жакын досу апасы жана Тоби Магуайр;
  • "Титаник" тасмасынан соң тасмадагы өнөктөшү Кейт Уинслетке сырдуу жазуу жазылган шакек белек кылган. Ал жазуу эмнени түшүндүрө турганын бир гана өзү жана өнөктөшү билет;

11-ноябрдын жылнаамасы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(4)
11.11.2017. 10:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
43ко чыкканча уйлонбосо кандай болсун.
11.11.2017. 10:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бир балееси барго дагы эле уйлонбой журсо
11.11.2017. 13:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Карып кетиптир
11.11.2017. 19:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушу менин эле күтүп атат го чамасы)
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: