super.kg logo
  Спорт  

Орусияда өткөн самбо боюнча Дүйнө чемпиондугунда Кыргыз курама командасы 2-орунга ээ болду

 

Орусиянын Сочи шаарында өткөн уруш түрүндөгү самбо боюнча Дүйнө чемпиондугунда Кыргыз курамасы командалык эсеп боюнча 2-орунду ээледи.

41-жолу өтүп жаткан спорттук жана уруш түрүндөгү самбо боюнча Дүйнө чемпиондугу Орусиянын Сочи шаарында 10-ноябрда башталып 12-ноябрда аяктады.

Кыргыз өлкөсүнүн балбандары белгиленген ар бир салмак ченинде өздөрүнүн күчүн сынашты. 74 килограммга чейинки салмак ченинде мекендешибиз Бекназар Раимкул уулу финалдык беттеште орусиялык атаандашы Байзет Хатхохту жеңип жаңы Дүйнө чемпиону аталды.

Орозбек Автандил уулу (62 килограммга чейинки салмак ченинде) жана Мухаметали Эргешев (52 килограммга чейинки салмак ченинде) финалга чейин келишип күмүш медалдардын ээси болушту. Ал эми Аманат Алтынбек уулу (57 килограммга чейинки салмак ченинде) жана Улан Абдимамат уулу (100 килограммдан жогору салмак ченинде) Дүйнө чемпиондугунун коло медалдарын тагынышты.

Уруш түрүндөгү самбо боюнча жалпы эсептик жадыбал:

1-орун Орусия 6 алтын, 1 күмүш медаль;

2-орун Кыргыз өлкөсү 1 алтын, 2 күмүш, 2 коло медаль;

3-орун Корея 1 алтын, 1 күмүш медаль;

3-орун Армения 1 алтын, 1 күмүш медаль;

4-орун Украина 1 күмүш, 3 коло медаль;

5-орун Франция 1 күмүш, 2 коло медаль.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Комментарийлер(4)
13.11.2017. 16:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
ооо кандай сонун!!! Ушундай жакшы жанылыктар коооооп боло берсин!!!
13.11.2017. 17:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Популярдуу жана абройлуу спорттун турлорун да онуктурсо жакшы болот эле.Мисалы:Хоккей,Биатлон,Лыжные гонки,Фигурное катание,теннис,сууда сузуунун турлору,женил атлетика,футбол,баскетбол.Кышкы Олимпидага барчуулар коп эле бекен бизде? 3 ай эле калды даярдык кандаай? Же дагы 2-3 спортчубуз барып акыркыны алып шерменде кылабы? (((
13.11.2017. 17:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
keche kordum Armenyany jengende 2altyn bolmok jakwy ele bawtady ele shashyp ketip utulup kaldy
13.11.2017. 18:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Алга Кыргыз!!! Манас атабыз колдосун!!!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: