Максат Довранов менен Сайкал Садыбакасованын үлпөт тою 600 адамдын катышуусунда өтүп жатат













Бүгүн, 14-ноябрда телеалпаруучу Максат Довранов менен "Кыз-Бурак" тобунун көркөм жетекчиси, ырчы Сайкал Садыбакасованын үлпөт тою өтүүдө.
Баш кошуп жаткан бул түгөйлөрдүн үйлөнүү үлпөтү Ош шаарындагы ресторандардын биринде белгиленип, ага 600дөн ашуун конок чакырылган.
Түбөлүккө биргеликте өмүр сүрүүгө бел байлап, жакшылыгын жакындары менен биргеликте белгилеп жаткан жаштардын тоюна Гүлжигит Калыков, Айжамал Кабылова, Айпери Сыдыкова, Бегимай Карабаева жана башка белгилүү маданият өкүлдөрү келген.
Күйөө жолдоштун милдетин ырчы Нурлан Насип аткарууда. Буга чейин Максат менен Сайкалдын өкүл ата, өкүл апасы болуп ырчы Самара Каримова менен жолдошу Асан Мансуров шайланган. Тамадалык кызматта Аман Ибраев.
Самара Каримова "Жар-жар" ырын аткарып, эки жашты конокторго алып кирди.
Сайкал Садыбакасова менен Максат Доврановдун үлпөт тою башталды


Эми АЛЛАнын эки жаштын бешенесине жазылганын насип этсин, бак-таалайлуу, бала+бакыралуу, Кыргыз элинин сыймык тутаар адамдарынын катарын толуктай беруулоруно биз да тилектешпиз!!
Гулшайыр эже, мен Рахман Салмаматовдун бир туган балдызымын б.а. Айнагул Сарыкованын синдисимин. Сиздерди биздин ороонго келип концерт коюп, биздин уйдо конок болгонунар али эсимде..
ЭКИ ЖАШ БАКТЫЛУУ БОЛСУН!!!
Бирок барган жеринден бак айтсын
ИТ ҮРӨ БЕРЕТ КЕРБЕН ЖҮРӨ БЕРЕТ.
Эң негизгиси БАКТЫЛУУ БОЛСУН!