super.kg logo

Элмурат Майрамбеков "Кара жорго №1" тобунан кетти. Ал акыркы учурда өзүн "ашыкча" сезип жүргөн

 
Элмурат Майрамбеков, Асел Касмакунова
Кубанычбек Эсенбаев жана Асел Касмакунова

"Кара жорго №1" деген аталыштагы топ менен эл оозуна алынган Асел Касмакунова жана Элмурат Майрамбековдон түзүлгөн топ мындан ары чогуу иштебейт. Бул маалыматты SUPER.KG порталына топтун мүчөсү Элмурат Майрамбеков билдирди.

"Негизи Асел эже менен Кубанычбек байке (ред. Эсенбаев, топтун негиздөөчүсү) үй-бүлө болгондуктан акыркы учурда өзүмдү "ашыкча" сезе баштагам. Көп өтпөй Кубанычбек байке өз-өзүнчө иштешүүнү сунуштады. "Жок, мен силер менен иштейм" деп жабышып алмак белем. Албетте, макул болдум. Азырынча келечекке план коё элекмин. Мындан ары чыгармачылыгымды улантамбы же жокпу, аны убакыт көрсөтөт", - деди ал.

Ал эми топтун тарап кетүүсүнө эмне себеп болгонун билүү үчүн негиздөөчүсү Кубанычбек Эсенбаевге байланышып, төмөнкүдөй жооп алдык.

"Топ жигердүү иштеп жатат. Элмураттан башка да шакирттерим бар, топтон чыккандардын ордун толуктап турушат. Асел Касмакунованын визиттик картасы болгон "Кара жоргону" ал өзү ырдайт, Элмурат бийлейт. Топтон чыгам десе Элмураттын өз эрки. Ал топту тарата тургандай продюсери эмес. Буюрса, жаңы чыгармаларды тартуулайбыз. Капачылыгын мага айтканга намысы жол бербей, сиздерге айтканы кызык болуптур. Сыягы пиар керек болгон го", - деди ал.

Белгилей кетсек, "Кара жорго №1" тобу бир канча жылдан бери эл арасында кыргыз бийлерин таанытып, өркүндөтүүгө салымын кошуп келген. Ал эми 2016-жылдын апрель айында топтун негиздөөчүсү Кубанычбек Эсенбаев менен мүчөсү Асел Касмакунова баш кошушкан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(6)
16.11.2017. 08:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Чын журоктон баарибир
16.11.2017. 09:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Силерден бироо сурап жатабы? Топко келесинби топтон кетесинби эч кимге кызыгы жок.
16.11.2017. 09:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул уйлонгон эки жашка жолтоо болбой!!! Озундун Жараткандан берилген, шыгын болсо ? Аселден сулуу бийчилерден. Бий курамын, тузуп иште. Топту уюштуруу иштерин билесин. Бирок эки жаштан, ашык болуп. Кыргыздын бийин оркундот! Эртен коншулардын же кавказдын бийлерин бийлеп. Журбогун!!! Ийгиликтер!!!
bosmos77777 түзөттү 2017-11-16 09:32:35
16.11.2017. 11:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Канча жыл чогуу журсо кетиш обидно болуп атса кк да))) тиги кыздын жолдошу кыйла эле улуудайго э
16.11.2017. 13:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кара жоргочулардын бригадири,кеткендин ордуна жаны бироо келет дейби?
16.11.2017. 14:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Тиги чачы жок киши Алтынбек Сулаймановго окшош экен.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: