super.kg logo

Ата болуш оңой эмес: Кыргыз тасмасынын катары "Ата" фильми менен толукталды

 

Турмуштун түрдүү сыноолорун чагылдырып, ата болуу оңой эместигин көрсөткөн "Ата" тасмасы жарык көрдү.

Социалдык драма жанрында тартылган "Ата" тасмасы бул жашоодо бардыгы биз каалагандай боло бербестигин, күтүүсүз келген жагымсыз окуялар ар бир адамды азапка саларын жана көптөгөн кыйынчылыктардын артында жаркын келечек турарын баяндаган.

Тасманын режиссёру жана сценарийин жазган Бакыт Осмонкановдун айтымында, бул эмгеги менен адамдарды чыдамкай, көтөрүмдүү болууга чакырууну көздөгөн.

"Бекеринен элибизде айдын он беши караңгы болсо, он беши жарык деген кеп калбаса керек. Турмуштун ар кандай сыноолору ар бирибиздин башыбызга күтүүсүздөн келет, дал ошол учурларды кичине юмор аралаштырып көрүүчүлөргө жеткиргенге аракет кылдык", - деп билдирди Осмонканов.

Фильмдин башкы каарманы - Асандын бейпил турмушу аялы күтүүсүздөн жол кырсыгына кабылып каза болгондон кийин бузулат. Турмуштун оор соккусуна кабылган Асан 2 уулуна апасынын ордун жоктотпоо үчүн көп аракеттерди көрөт. Мунун айланасында кызыктуу, кейиштүү окуялар орун алат.

Тасма жабык эшик артында Бишкектеги кинотеатрлардын биринде орун алып, ага көптөгөн атактуу режиссёрлор, актёрлор жана эстрада жылдыздары келишкен.

"Ата" тасмасында башкы ролдорду белгилүү театр жана кино актёру Болот Тентимишов, Азамат Уланов, Аскат Сулайманов ойношкон.

Көрүүчүлөрдү бирде күлдүрүп, бирде көзүнө жаш алдырып ыйлаткан социалдык драманын актёрлор курамы өз ролдорун ийинине жеткире аткара алганын көрүүчүлөр баса белгилешти.

"Ата" тасмасы 16-ноябрдан тартып Бишкек шаарындагы бардык кинотеатрларда көрсөтүлө баштайт.






“Ата” тасмасы көрүүчүлөрдү ыйлатты

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(4)
SUPER.KG видео
15.11.2017. 22:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Коруш керек экен
SUPER.KG видео
16.11.2017. 00:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кыргыз тасмаларын жаратуучулар !!! Билимдуу болуш керек. Мобул тарткан инсан. Бир корсотуудо. Билимсиз инсандар деле "Тасма" жаратса болот деген эле. Азыр суйлогон созундо. Француз ыкмасында тарттык дейт. Бир билиминди жогорулатып. Коп жылдык ! Арзый турган тасма жарат. Мисалга : Руслан Акун. Билем азыркы тарткандар.Бул Руслан м/н иштешкендер.Бир нерсени баалап, татыктуу жасоо учун "билим" керек.
bosmos77777 түзөттү 2017-11-16 00:57:44
SUPER.KG видео
18.11.2017. 12:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен кечээ барып коруп келдим. Абдан сонун кино болуптур, тарбия бере турган.
SUPER.KG видео
18.11.2017. 16:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кине чыкпай жатып наалыганды баштадынарбы ар ким озу билет кантип тартууну кысчуу жеринерди кызып жоон еле кетсенер булда бир адамдын емгеги емгекти баалап билуу адамдуу сапатка жатат
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: