super.kg logo

Шыкмаматовдун иши боюнча айыпталып жаткан мурдагы аудитор: "Тергөөчү Шыкмаматовдун артынан казып, эч нерсе таппаган соң, чымындан төөнү жаратты"

 

Бүгүн, 15-ноябрда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда Жогорку Кеңештин депутаты Алмамбет Шыкмаматовдун иши боюнча соттук отурум уланууда. Анын жүрүшүндө Шыкмаматовдун иши боюнча дагы бир айыпталуучу Эсептөө палатасынын мурдагы аудитору Жусуп Иманалиев суралды.

2011-жылы март айында Эсептөө палатасына аудитор болуп шайландым. Сентябрь айында төрага бизди чакырып, аудиторлорго жаңы унаа сатып алынып жатканын айтты. Кийин аудиторлорго 4 миллион сомго 5 унаа сатып алуу боюнча тендердик комиссияга мен төрага болуп калдым.

Тендер октябрь айынын башында өтүп, жеңүүчү деп “Барат Люкс” ишканасы табылды. Андан соң менин бөлмөмө Чормонов, Жаныбеков келип, ала турган унааларды өзүбүз тандап, сунуштайлы деди. Ошол учурда жаныбызда Али Юксел да бар болчу. Жаман деле ой жок болчу. Эми аудиторлор жакшы унаалуу болсун дедик да.

Ошол учурда Шыкмаматов жок болчу. Тергөөчү андан эч нерсе таппаган соң Шыкмаматовдун артынан казып, жок жерден чымындан төөнү жаратты. Аудиторлук кызмат министрге тете. 500-600 доллар акча үчүн ушундай жолго барат белек”, - деди Иманалиев.

Эскерте кетсек, Шыкмаматов жеке кызыкчылыгын көздөп, аялынын Мерседес Бенц Е320 үлгүсүндөгү унаасын кымбат баага сатуу үчүн "Барат Люкс" ишканасын тендерге катышкандардын катарына кошууну демилгелеген деп айыпталууда. Шыкмаматов өзү бул ишти "саясий кысым" деп келет. Аталган тендерге 2 фирма катышып, 2011-жылы 5-октябрда жыйынтыкталган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
15.11.2017. 17:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Жакшы айтыптыр
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: