super.kg logo

"Универ" сериалынын жылдызы Настасья Самбурская кара көйнөкчөн турмушка чыкты

 

Орустун белгилүү актрисасы Настасья Самбурская кара көйнөкчөн турмушка чыкты. Бул тууралуу "Универ" сериалынын жылдызы өзүнүн интернеттеги социалдык тармактагы баракчасына жарыялады.

Маалым болгондой, 30 жаштагы актриса өзүнөн 6 жашка кичүү беларустук актёр Кирилл Дыцевичке турмушка чыккан.

Буга чейин ал "Настасья жана Кирилл жаш жубайлар" деген жазуусу бар мотоциклдин жанында түшкөн сүрөтүн интернеттеги жеке баракчасына жарыялап, актрисанын күйөрмандары жана интернет колдонуучулар түгөйлөрдү куттуктаган билдирүүлөрдү калтырышкан. Бирок көп өтпөй Самбурская бул жөн гана тамаша экенин билдирген. Ал эми бул ирет жарыялаган сүрөтүнүн алдына "Биз чын эле үйлөндүк. Ооба, колукту кара көйнөкчөн, ак көйнөккө акча жетпей калды. Мен бактылуумун, силерге да ошону каалайм", - деген билдирүү калтырган.

Самбурская сүрөткө сүйүктүүсү менен манжасындагы шакегин көрсөтүп түшкөн. Ал "Верни мою любовь", "Универ" сериалындагы ролдору жана интернеттеги социалдык тармактагы өзүнүн күлкүлүү билдирүүлөрү менен кеңири таанымал.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
16.11.2017. 09:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Ушул кыз адашбасам Верни мая любовь деген кинодо катышкан беле билип берип койгулачы админ
16.11.2017. 09:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Eli.91, "Верни мою любовь" сериалдарында катышкан деп жазылып турат го. Сизге тактап берсе да окумак эмес экенсиз да.
16.11.2017. 10:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
мага барибир
16.11.2017. 11:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
monok2001,баары бир болсо эмне окуйсун.кирбей кой окубай кой да анда
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: