super.kg logo

ИИМ: "Активист Кубатбековдун кармалышы Таластагы митингге тиешеси жок"

 

Шамбет Кубатбековдун кармалышы Талас шаарында өткөн митингге эч кандай тиешеси жок. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги бүгүн, 16-ноябрда кабарлады. Маалым болгондой, анын кармалышы бюджеттик каражатты мыйзамсыз пайдалануу фактысына байланышкан.

"Шамбет Кубатбеков ИИМдин транспорттук ички иштер башкармалыгынын башчысы кызматында иштеген кезде бюджеттик каражаттарды мыйзамсыз колдонгон деп шектелүүдө. Мурда Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын текшерүүсүнүн жыйынтыгы боюнча транспорттук прокуратура тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 308-беренеси (бюджеттик каражаттарды мыйзамсыз пайдалануу) менен кылмыш иши козголгон. Азыркы учурда тергөө ИИМдин тергөө кызматына өткөрүлүп берилди. Кылмыш ишинин негизинде Шамбет Кубатбеков кармалып, Бишкек ШИИББинин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Тергөө-иликтөө иштери улантылууда", - деп билдиришти ИИМдин маалымат кызматынан.

15-ноябрда активисттер Кубатбековду Таластагы митингди уюштурганы үчүн кармалганын айтып чыгышкан.

Белгилей кетсек, 16-октябрда жана 3-ноябрда Талас шаарында жергиликтүү тургундар нааразычылык акцияларын өткөрүшкөн.








 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
16.11.2017. 16:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аа койчай митинге тиешеси жок дечи? Атанкору дебейсинби!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: