super.kg logo

1500-жылдары тартылган сүрөт Нью-Йоркто 450 миллион долларга сатылып, дүйнөдөгү эң кымбат картина аталды

 

Нью-Йорктогу аукциондо италиялык сүрөтчү Леонардо Да Винчиге таандык "Дүйнөнүн куткаруучусу" деп аталган сүрөт 450 миллион долларга сатылды.

Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазышты.

Бул сүрөтчүнүн жалгыз эмгеги жеке коллекционердин колунда сакталган. Аукциондогу сүрөттүн баасы дүйнөнүн сүрөт базарындагы эң кымбат баа деп аталды.

Аукционго картина 100 миллион доллар баштапкы баа менен коюлуп, жарым сааттын ичинде эле 400 миллионго жеткен. Жыйынтыгында полотно салыктык төлөмдөр жана аукциондук жыйымдарды кошкондо жалпы 450 миллион долларга бааланган.

"Дүйнөнүн куткаруучусу" деп аталган сүрөт 1500-жылдарга таандык. 17-кылымда ал Англиянын королу Карл Iдин карамагында болуп, кийин дайыны табылбай калган. Абалы начарлап, бузулган, автору көрсөтүлбөгөн бул сүрөт жыйырманчы кылымдын башында сүрөт базарларында кайра пайда болгон.

2005-жылы автору көрсөтүлбөгөн сүрөт АКШнын аймактарында өткөн аукциондо пайда болуп 10 миң долларга бааланганы айтылат. Ошондон бери бул сүрөт Да Винчинин чыгармачылыгын изилдөө боюнча адистердин көзөмөлүндө болуп, 3 жылдай реставрацияланган. 2011-жылы картинаны официалдуу түрдө Лондондогу улуттук галлереяда эл алдына тааныштырышкан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
16.11.2017. 11:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мына сага кээ бироно 400 миллион доллар
Акча деле эмес экен
16.11.2017. 12:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
almanbetperm, маалымат такталып жазылган. Порталдын ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-пикирлер же сунуштар болсо portal@super.kg электрондук дарегине жазылып жөнөтүлүшү керек.
17.11.2017. 01:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул картинанын баасы Кыргызстандын Кумтордогу улушу менен тенго. Тооба картина ушунча кымбатпы же, Кыргызстандын Кумтордогу улушу ушунчалык азбы? Тушунбой калдым
18.11.2017. 23:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Портреттин баасы аны тарткан адамга жана качан тартылганына байланыштуу,бирок азыр оригиналдар калбады баардыгы кара базарда сатылып аукционго фальшивкалар чыгып жатат
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: